Чек арачы опузалоого шектелип, кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө

Кыргызстандын чек ара кызматы чет элдик жарандан акча опузалоо боюнча маалыматты иликтеп жатат. Кыздын айтымында, аталган мекеменин кызматкери андан аны Казакстандын аймагынан Кыргызстанга өткөрбөйм деп коркутуп акча опузалаган.

Кыргызстандын чек ара кызматынан билдиришкендей, кызматтык иликтөөдөн кийин иштин материалдарын Аскер прокуратурасына өткөрүшөт.

«Биз опузалоо жөнүндө билдирген кызды таап, аны "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө бекетине алып келдик. Беттештирүү кылдык. Ал андан болжолдуу акча талап кылган кызматкерди тааныды», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

18-декабрда Украинанын жараны Елена (аты өзгөртүлдү) Kaktus.Media басылмасына чек ара кызматынын жумушчусу «Ак -Жол» бекетинде чет элдик жарандардан акча опузалаганын айтып берген.

Анын айтымында, чек арачы паспорт көзөмөлүндө чет элдик жарандарды өзүнүн бөлүмчөсүнө чакырып алып, алардан акча талап кылган.

«Чек арачы мени өзүнүн бөлүмчөсүнө чакырып, түз эле "Чайга бербейсизби" деп сурады. […] "Эгерде сиз мага азыр чай-пайга бербесеңиз, мен сизди блокко коюп салам, кайра сизди кое беришпейт" деди. Мен эч нерсе берген жокмун, паспортумду алып чыгып кеттим», — деди ал.