НТСтин мүлкүнүн камакка алынышы. Дагы эмне белгилүү жана канал обого чыгуусун улантабы же жокпу?

НТСтин басма сөз борбору. Сүрөт: Марат Абдыкалыков / Kloop.kg

НТС телеканалынын мүлкүн 19-декабрда соттун чечимине ылайык камакка алышкан. НТСтин жетекчилиги канал обого чыгууну аланта албай калат деп кооптонууда. Бирок сот аткаруучу телеканал обого чыгуусун улантат деп ишендирди.

Текст саат 18:57де жаңыртылды.

Эмне болду эле?

Сот аткаруучулар милиционерлердин коштоосунда 20-декабрда НТС телеканалынын мүлкүн каттоого ала баштады. Сот телеканалдын мүлкүн «Grexton Capital Ltd» компаниясынын мурда телеканалга ээлик кылган «Аянт» компаниясына карата берген арызынын негизинде камакка алган.

«Grexton Capital Ltd» компаниясынын өкүлү Елена Дзимидовичтин айтымында, фирма 2009-жылы үч компанияга 2 млн 457 миң АКШ долларын салган. Алуучулардын бири катары «Аянт» компаниясы болгон.

Дзимидовичтин айтымында, «Grexton Capital Ltd» компаниясын 2011-жылы «Аянт» фирмасынын жоюлушу тууралуу билдирбей коюшкан.

«"Аянт" компаниясынын каржылык документтеринде бересе карызы көрсөтүлгөн эмес. Мына ушул нерсе сот арызы үчүн юридикалык негиз болуп берген. Менин кардарларымдын максаты — өздөрүнүн “Аянтка” берилген каражаттарын кайтаруу. НТС бул компаниянын менчиги болгон», — деди Дзимидович.

Бирок телеканалдын юристи Амантур Абдрахманов соттун аныктамасына ылайык бийлдиргендей, НТС телекомпаниясы иш боюнча үчүнчү жак катары өтүп жатат жана юридикалык жаткан жоопкерлер менен эч кандай байланышы жок.

«Эмне үчүн НТС телекомпаниясы бул иш боюнча үчүнчү жак катары өтүп жатат? Кайсы негиз боюнча телекомпаниянын мүлкү камакка алынды? Биз билбейбиз. Эч кандай байланыш жок. Биз соттун чечими мыйзамсыз чыгарылган деп эсептейбиз жана аны даттанабыз», — деди юрист.

«Grexton Capital Ltd» компаниясынын артында ким турат?

«Grexton Capital Ltd» компаниясынын кызыкчылыктарын коргоо ишенимине Сергей Костырин кол койгон. Ал Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакыны.

Ишинимге ылайык, компания Белиз мамлекетиндеги офшорлордо катталган. Ишеним учурда Курманбек Бакиев жашап жаткан Белорусиянын Минск шаарында түзүлгөн.

Сергей Костырин — Максим Бакиевдин классташы. Ал эл аралык издөөдө, ошондой эле, аны Кыргызстанда кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу үчүн сыртынан 20 жылга түрмөгө кесишкен.

Костырин 2010-жылдагы апрель ыңкылабына чейин карамагында «Пирамида» жана «Бешинчи канал» телекомпаниялары болгон «25 кадр» компаниясына ээлик кылган. Бакиев кулатылгандан кийин бул телеканалдар улутташтырылган.

Телеканалга эмне болот?

Телеканалдын жетекчилиги мүлктөр камакка алынгандыгы үчүн телеканал өзүнүн обого чыгуусун токтотушу мүмкүн деп кооптонуп жатат.

Телеканалдын жетекчилиги мүлктөр камакка алынгандыгы үчүн телеканал өзүнүн обого чыгуусун токтотушу мүмкүн деп кооптонуп жатат.

Бирок экономикалык иштер боюнча сот аткаруучусу Бекмухамед Мусурманкулов билдиргендей, мүлктү камакка алуу телеканалдын ишмердигине таасирин тийгизбейт.

«Камакка алынган мүлктү каттоо жүргүзүлүүдө. Ал жоопкерчиликтүү сактоо үчүн НТС телекомпаниясынын жетекчисине өткөрүлүп берилет. Телеканалды жабуу жана анын ишмердигине тосколдуу жаратуу маселеси жүргөн жок. Телеканал кандай иштеп жаткан болсо ошондой эле иштей берет», — деди ал.

Ошондой эле, Дзимидович билдиргендей, каналдын мүлкүн каттоо анын обого чыгуусуна жолтоо болбойт.

«Биз телемунара менен жабдыктарды камакка алууну сурандык. Камакка алып, аларга иштетпей жатышат деген жасалма абал жаратылган. Каналдын жана анын ээлеринин эч кандай укуктары бузулган жок», — деди Дзимидович.

Телеканалдын юристи Амантур Абдрахманов билдиргендей, эгерде каналды баары бир эле жаап салышса, анда 120 кызматкер жумушсуз калышы мүмкүн.

«Бүгүн НТС телекомпаниясынын жетекчилиги үчүн эмне даярдап жатышкандыгы тууралуу божомолдор болууда. Биз бүгүн болгону бул кандай болушу мүмкүн экенин божомолдой алабыз. Силер бул нерсенин бардыгы космос сымал ыкчам тартипте аткарылып жатканын байкасаңар болот, бардык органдар аракетте», — деди юрист.

Телеканалдын жетекчилигинин реакциясы

НТС менен байланышы бар опппозициячыл депутат Өмүрбек Бабанов телеканалдын мүлкүн камакка алууну «рейдерлик басып алуу» деп атады.

«Ойго келбеген иш болуп жатат. Рейдерлик жол менен, сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алганы турушат. Кыргызстандык соттор эми Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык — куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат — көз карандысыз, жеке телеканалды жаап салуу же тартып алуубу?» — деп жазган ал өзүнүн фейсбук барагында.

НТС каналынын башкы директору Жайнак Үсөн уулу телеканалды камакка алууну «сөз эркиндигине кысым» деп атаган.

«Республика — Ата-Журт» парламенттик фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова мүлктү камакка алуунун саясий себептерин жокко чыгарган жок.

Авторлошу: Анна Капушенко, Марат Абдыкалыков


ТЕМА БОЮНЧА: