Сүрөт: Президент Жээнбеков өзүнүн премьерлиги учурунан бери кантип өзгөрдү?

Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда Кыргызстандын президенттик кызматына киришти. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенттик кызматына киришкен учурдан дээрлик бир ай өттү. Ал 24-ноябрда президент болуп калган. «Клооп» Жээнбековдун имиджи кандай өзгөргөнүн көрүү үчүн анын президенттик кызматтагы сүрөттөрүн Кыргызстандын премьер-министри болуп турган учурдагы сүрөттөрү менен салыштырып көрүүнү чечти.

Расмий портрет

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун расмий портрети.
Президент Сооронбай Жээнбековдун расмий портрети.

Пресса менен баарлашуу

Премьер Жээнбеков 2017-жылдын май айында Жалал-Абад облусуна барган сапары учурунда пресса жана жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп жатат. Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы.
Президент Жээнбеков ноябрда Орусияга болгон расмий сапары учурунда пресса менен сүйлөшүп жатат. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы.

Расмий жыйындар

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында. 2017-жылдын августу. Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы.
Президент Жээнбеков өзүнүн декабрдагы Өзбекстанга болгон сапарында. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы.

Кесиптештер менен жолугушуу

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен Казакстандын борбору Астанадагы жолугушуусу. 2017-жылдын августу. Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Орусиянын башчысы Владимир Путин менен ноябрда Орусияга болгон сапары учурундагы жолугушуусу. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы.

Жумуш учурундагы кыдыруулар

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы алтын өндүрүүчү «Фулл Голд Майнинг» ишканасын кыдыруу учурунда. 2017-жылдын июлу. Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы.
Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен Ташкендеги өнөр-жай көргөзмөсүнө барган учурда. 2017-жылдын декабры. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы.