БШК жетекчисинин орун басары шайланды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын жаңы орун басары Акылбек Эшимов болуп калды. Ал Боршайкомдун дарегине сын пикир айтканы үчүн кызматтан алынган Атыр Абдрахматованын ордуна келди.

Ошондой эле, бул кызматка өз талапкерлигин Атыр Абдрахматова сыяктуу эле БШКнын ишмердигин сындаган Гүлнара Журабаева дагы көрсөткөн.

Бирок БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова Эшимовдун талапкерлигин көрсөтүү боюнча чечим кабыл алынып калганын айтты.

Натыйжада Журабаева шайлоодо сырдуулук болбогондугу үчүн добуш берүүдөн баш тартты, ал эми БШКнын калган мүчөлөрү Эшимовдун талапкеригин колдоого алышты.

Ал эми төрайымдын мурдагы орун басары Абдрахматова жыйынга келген жок.

Акылбек Эшимов 2010-2015-жылдар аралыгында парламентте «Республика» фракциясынан депутат болгон.

Атыр Абдрахматованы БШКнын төрайымынынн орун басарлыгынан 8-декабрда аталган мекемени сындагы үчүн четтетишкен.

БШКнын мүчөлөрү ал «системалык түрдө жана алдын ала атайылап комиссиянын ишмердүүлүгүн каралап жатат» деп билдиришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: