HRW Кыргызстанда сөз эркиндигине «сокку урулуп жатканын» билдирди

Иллюстративдик сүрөт

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы терc жакка бурулду деп эсептейт. Укук коргоочулар «Заноза» (учурда Kaktus.Media) басылмасына каршы арыздар, укук коргоочулардын жана чет элдик журналисттердин өлкөгө киришине тыюу салынгандыгы үчүн ушундай тыянак чыгарышкан.

Human Rights Watch (HRW) уюмунун Борбор Азия боюнча серепчиси Мира Риттман Кыргызстанда бул жылы адам укуктары боюнча абал артка кеткен деп эсептейт.

Абалдын начарлап кетишине мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «Заноза» (учурда Kaktus.Media) басылмасына, анын түзүүчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айыпка жана ошондой эле, укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы көп миллиондуу арыздар себеп болгон. Жалпысынан алар Атамбаевге 30 млн сом төлөп берүүлөрү керек.

Ал эми Атамбаев өзү «Занозаны» эч качан кечирбестигин билдирген. Анын айтымында, басылмага каршы арыздары менен журналисттерди «чындыкты» жазууга үйрөткүсү келет.

«Жаңы шайланган президент Жээнбеков менен анын өкмөтү ЖМКлардагы сындарга басым кылбастан көз карандысыз журналистика менен жарандык уюмдар үчүн мейкиндикти камсыздап бериши керек», — деп айтылат укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

Кыргызстандагы адам укуктарынын абалынын начарлашына Риттмандын оюнча дагы бир себеп, чет элдик журналисттердин өлкөгө кирүүсү үчүн тыюу салуу болгон.

Негизинен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 9-декабрда «Франс-Пресстин» журналисти Крис Риклтонго Кыргызстанга кирүүгө тыюу салган. Ошол эле учурда Риклтон өлкөдө жети жыл аралыгында жашап келген.

Риклтон Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган жалгыз эле чет элдик эмес. Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономаревго өлкөгө кирүүгө июлда тыюу салышкан. Ал «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги кыргыз-казак чек арасынан өтө албай койгон.

Пономаревго тыюу салуунун себептерин түшүндүрүп беришкен эмес жана бир дагы мамлекеттик мекеме укук коргоочу үчүн тыюу салуунун себептерине комментарий берген эмес. Чек арачылардын айтымында, кирүүгөө тыюу салууну УКМК менен ИИМ чыгарган.

«Адамдар Кыргызстанда эл аралык журналисттер менен укук коргоочулардын негизсиз депортациясын күтүшпөйт. Бул Борбор Азияда таза жана эркин шайлоо өткөрүүгө белсенген, адамдар жалпысынан тынчтык жолу менен чогулуп сын-пикирин билдире алган жападан-жалгыз өлкө», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Риттман НТС телеканалынын айланасындагы кырдаалга көңүл бурган. НТС телеканалынын мүлкүн 19-декабрда камакка алышкан. Телеканалдын жетекчилиги НТС обого чыгуусун уланта албай калышы мүмкүн деп кооптонууда. Бирок сот аткаруучу телеканал обого чыгуусун улантат деп ишендирди.

HRW уюмунун укук коргоочуларынын пикиринде, адам укуктары боюнча кырдаал жакшы жагына өзгөрүшү мүмкүн. Алар Европа биримдиги менен АКШны кыргыз бийлигинин журналисттерге жана адамдардын эркиндигине карата аракеттерине каршы чыгууга үндөшүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: