Мурдагы депутат Карганбек Самаков сот өкүмүн даттанат

Мурдагы депутат Карганбек Самаковдун адвокаты билдиргендей, ал жактоого алган адамына чыгарылган сот өкүмүн даттанат. Буга чейин сот Самаковду «жерлерди мыйзамсыз трасформациялоо» иши боюнча 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Самаковдун адвокаты Бакыт Асамудинов билдиргендей, Октябрь райондук сотунун анын жактоого алган адамына карата «мыйзамсыз өкүм» чыгарган. Адвокаттын айтымында, Самаковго өкүм «эреже бузуулар» менен чыгарылган.  

«Өкүмдү түңкү саат 12де чыгарышып, аны айыптоо багыты менен эки саат окушуп, аларды дароо камакка алышты. Бул нонсенс, далилтартыштык институтунун принциптери бузулууда. Башкы күбө катары алдамчылык үчүн издөөгө алынган адам чыгууда», — деди ал.

Ошондой эле, Асамудинов тергөө учурунда күбөлөргө кысым көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Сот мурдагы депутат Самаковго 20-декабрда 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок эки мунапысты эске алуу менен анын мөөнөтүн үч жылга чейин кыскартышкан.

Аны 2008-жылы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнүн айыл чарба багытындагы жер тилкелерин калктуу конуштардын жерлери категориясына мыйзамсыз которгон деп күнөөөлүү табышты.

Кылмыш ишинин башка фигуранттары Кубанычбек Самаков, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев, Эрнис Койчуманов жана Урмат Нурдиновду мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен күчөтүлгөн тартиптеги абакка сегиз жылга кесүү өкүмүн чыгарылган. Бирок аларга мунапысты эске алуу менен мөөнөттөрүн беш жылга чейин кыскартышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алар транформация болгон жер тилкелерин кымбат баада сатышкан. Бул иште аларга кулатылган президент Курманбек Бакиев жана анын бир тууганы Жаныш Бакиев жардам кылышкан. Өз кезегинде аларды 10 жылга кесүү өкүмү чыгарылган.

Жерлерди трансформациялоо жөнүндө документке мурдагы биринчи вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев жана мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов кол коюшкан. Алар мыйзамсыз токтом чыгарууга айыпталышып, ар бирине 5 млн сомдон айып пул салынган

Ошондой эле, бул иш боюнча айыпталгандардын бардыгы соттун чечимин даттана тургандыктарын билдиришти.