Жалал-Абад: Кыйноо үчүн үч милиционер сегиз жылга кесилди

Жалал-Абад облустук соту кыйноо үчүн Таш-Көмүр шаарынын үч милиционерин сегиз жылга соттоду. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар эркек кишини кылмыштуулукту мойнуна алдыруу үчүн кыйноого алышкан.

Сот кыйноолорду колдонгону үчүн Таш-Көмүр шаарынын ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери менен начальнигин сегиз жылга кесүү өкүмүн чыгарды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, милицонерлер экркек кишини кылмыш кылганын мойнуна алдыруу үчүн кыйнашкан.

Милицонерлерге карата 2016-жылы эле «Кыйноо» жана «Кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Бирок 22-ноябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык соту милициянын кызматкерлерин болгону кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу боюнча гана күнөөлүү деп тааныган. Аларга карата алты жылга кесүү өкүмү чыкты.

Айыптоочу тарап соттун аларды «Кыйноо» беренеси боюнча күнөөлүү эмес деп таануу чечимине макул эмес жана соттун чечимин жогору турган инстанцияда даттанды.