Чүй: Аткаминерлер суу чыгаруучу мунаранын айынан мушташып кетишти

Иллюстративдик сүрөт. Табылды Кадырбеков / «Спутник»

Чүй облусунун Беловодск айыл өкмөтүнүн орун басары Советбек Орозалиев менен жергиликтүү кеңештин депутаты мушташып кетишти. Жакалашууга жергиликтүү бийликтин суу чыгаруучу мунараны карамагына албай койгондугу себеп болгон.

Орозалиев «Клоопко» курган маегинде депутат аны чаап салганын тастыктады. Орозалиевдин айтымында, урушууга анын депуттардын суу чыгаруучу мунарасын айыл өкмөтүнүн карамагына алуу боюнча буйругун аткарбай койгону себеп болгон.

«Мен ал буйрукту аткарган жокмун, анткени техникалык көзөмөл жана айыл өкмөтүнүн кол белгилери менен мөөрү керек болчу. Ал эми техникалык көзөмөл кол коюп берүүдөн баш тарткан, анткени айыл өкмөттүн башчысы кол койгон эмес. Техникалык көзөмөл баш тарткандыктан, айыл өкмөтү да кол коюп берген жок», — деди ал.

Ошондой эле, Орозалиев бул суу чыгаруучу мунараны өз алдынча карамакка алууга ыйгарым укуктары жок болгондугун кошумчалады.

«Бир гана айыл өкмөтү кол коё алат. Ал эми айыл өкмөтү документтерге кол койбой карамагына албай жатат. Депутаттар болсо орун басардан карамакка алууну талап кылышып, "биз сага буйруганбыз, сен жооп беришиң керек" деп айтышууда», — деди ал.

Ошондон кийин Орозалиевдин айтымында, жаш депутат ага корс мамиле кыла баштаган.

«Мен ага: "Сен мага сенсиребе, бок мурун. Сен 30да, а мен 60 жашка чыгып калдым, мага антип буйрук кылба, этиканы сакта, тилиңе карап сүйлө" дегем. Ал мага: "Сен братан, жүрү кире беришке чыгып сүйлөшөлү деген"», — деди Орозалиев.

Кайым айтышуунун жыйынтыгында депутат Орозалиевди чаап салган.

«Ал мага басып келип, муштуму менен чыкыйга чаап салаарын күткөн эмесмин. Жаңы эле көз айнегимди чечсем, чыкыйга сокку болуп, көзүм караңгылап кетти. Дагы жакшы көз айнегимди чечип үлгүрүп калдым, антпегенде көзүмдү айнектин сыныктары кесип кетмек экен», — дейт Орозалиев.

Орозалиевдин айтымында, учурда анын моюн омурткалары ооруп жатат, мурда инфаркт да болгон. Ал депутаттардын көпчүлүгү «тилектештик үчүн» өз кесиптешин коргоп жатышканын айтты.

Милиция окуя болгон жерде кароо өткөрүп, бардык көрсөтмөлөрдү алып, мушташуу болгон фактыны тастыктады. Бирок айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары да, милиция да кол көтөргөн депутаттын атын аташкан жок.

«Кайым айтышуу учурунда Орозалиевдин денесине залал келтирилген. Бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Чогулган материалдарга юридикалык баа берилиши үчүн аймактык прокуратурага жөнөтүлдү», — деп билдирди «Клооптун» кабарчысына  Чүй ШИИБнин басма сөз катчысы.

Материал жарыкка чыгаар алдында депутаттын өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.