Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотууга жарыяланган тендерди «Көркөм фонд» компаниясы жеңип алды. Жазуучунун коргошундан жасала турчу айкелин Москвада 27,5 млн сомго орнотушат. Бул тендерде жарыяланган акча каражатынын өлчөмүнөн 500 миң сомго арзаныраак.
Эстелик Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына Москванын түштүгүндөгү гүлбакчага коюлат. Москванын мэри Сергей Собянин монументти орнотуу боюнча буйрукка 21-декабрда кол койгон.
«Көркөм фонд» компаниясы айкелдерди жасоо, мектеп жана музейлерди шөкөттөө менен алектенет. Монументти жасоонун жана орнотуунун баасы 27,5 млн сомду түзөт, бул башында жарыяланган өлчөмдөгү акчадан 500 миң сомго арзан.
Чыңгыз Айтматов — кыргыз жана союз жазуучусу. Ал репрессияга кабылган кыргыз саясатчысы Төрөкүл Айтматовдун баласы болгон. Айтматов ветеринардык иши менен бирге повесттерди жазып турган.
Анын алгачкы «Гезитчи Дзюйо» повести 1952-жылы жарык көргөн.
1957-жылы «Бетме бет» жана «Жамиля» чыгармалары жарыкка чыккан. «Жамиля» үчүн аны совет бийлиги сынга алып, бирок ошол эле жылы бул чыгарма чет тилдерге которулуп, өз кезегинде жазуучуга дүйнөлүк атак даңкты алып келген.
Айтматов Кыргызстандын жазуучулар союзунун мүчөсү, ал эми кийинчерээк анын төрагасы болуп, көптөгөн таланттуу адабиятчылар менен поэттерди чыгарган.
Анын чыгармаларынын экрандаштырылышы кыргыз киносунун «Алтын дооруна» кирген. Мисалы, режиссёр Болот Шамшиев «Ак кеме», «Эрте келген турналар», ал эми Геннадий Базаров «Саманчынын жолу» тасмаларын тартышкан.
Ал эми 1984-жылдан 2008-жылдарга чейин Айтматов Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси болгон.
Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда Германиянын Нюрнберг шаарында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Аны 14-июнда Бишкекке жакын жайгашкан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жерге беришкен.