УКМК нацисттик кийимчен журналисттин сүрөтүн изилдейт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) КТРКнын алып баруучусу Канат Абазбековдун нацисттик кийимчен түшкөн сүрөттөрүн изилдейт.

УКМКнын басма сөз кызматынан 24.kg басылмасына билдиришкендей, КТРКнын кызматкерлеринин жаңы жылдык кечеде түшкөн сүрөттөрүн текшеришет. Айрым сүрөттөрдө телеканалдын алып баруучусу Канат Абазбеков фашизмдин символу тартылган нацисттик солдаттын формасын кийип турган.

Текшерүүдөн кийин УКМК сүрөттөргө юридикалык баа берет.

КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, Абазбеков форманы жаңы жылдык театралдаштырылган көрүнүшкө катышуу үчүн кийген.

«Эгерде мыйзамдын кайсы бир жоболору бузулганы аныкталса, албетте, анда биз бул нерселер үчүн жооп беребиз. […] Балдар өздөрү даярданышкан, ал жакта режиссёрлор болгон, сахналык көрүнүштөрдү жасашкан», — деди Карыпбеков.

Абазбековдун нацисттик формада түшкөн сүрөттөрү 25-декабрда коомдук түйүндөргө жарыяланып, бул колдонуучулардын нааразычылыгын жараткан. Илим Карыпбеков телеканалдын кызматкеринин мындай костюм кийишин «андан фашисттин ролун жаратуусун суранышканы» менен түшүндүрдү.

«Чындыгында азыр бардыгы жөн жерден эле бул кырдаалды жагымсыз өңүттө козутууну аракет кылышууда. Өзүңөр көрүп тургандай, костюмдашкан корпоратив болгон. Кызматкерлер ар кандай ролдорду ойношкон. […] Бул тасмаларда фашисттерди ролун жараткан актёрлорду айыптагандай эле болууда», — деди Карыпбеков.

Ал эми Абазбеков өзүнүн нацисттик формада пайда болушун ага майрамдык кеченин сценарийи боюнча терс каармандын ролу тийип калган деп түшүндүрдү. Ал театралдаштырылган көрүнүштүн моралы жакшылык жамандыкты жеңет деген мааниде экенин кошумчалады.

«Сценарий боюнча Советтик жоокер мени атып өлтүрөт. Бул көргөзмөнүн башында колго таккан свастиканы жерге таштап тебелеген көрүнүш сүрөттөлөт. Жыйынтыгында жакшылык жамандыкты женет деген маани берилген!», — деп жазган Абазбеков.