Жаңы жылдан баштап балага күбөлүктү төрөт үйүнөн алууга болот

Кыргызстандыктар 2018-жылдан тарта бала төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктү төрөт үйүнөн ала башташат. Учурда төрөлгөн ымыркайга күбөлүктү бир гана Жарандык ал-абал актыларын каттоо бөлүмдөрүнөн алууга болот.

Саламаттык сактоо министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) төрөлгөн балдар боюнча өздөрүнүн маалымат базаларын бириктиришет. Бул кыргызстандыктарга жарык дүйнөгө келген бала үчүн күбөлүктү төрөт үйүнөн алууга шарт түзөт. Бул эреже 2018-жылы күчүнө кирет.

МККнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул кызматтан эски үлгүдөгү паспорттору бар жарандар дагы, жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттору бар жарандар дагы бирдей эле пайдалана алышат.

«Паспорт кандай үлгүдө экени маанилүү эмес, эң башкысы алардын маалыматтары МККнын базасында болушу шарт. Алар жаңы төрөлгөн бала үчүн күбөлүктү төрөт үйүнөн ала алышат», — деп билдиришти МККнын басма сөз кызматынан.

МКК Бишкек жана Оштун төрөт үйлөрү менен ооруканаларына биометрикалык паспортторду окуй ала турган аппараттар менен интернет-модемдерди өткөрүп берди.

Учурда төрөлгөн балага күбөлүк ата-энелердин биринин катталган дареги боюнча Жарандык ал-абал актыларын каттоо бөлүмдөрүндө гана берилет. Жарандар ооруканын көчүрмөсүн, паспорттун жана эгерде ал расмий катталган болсо нике жөнүндө күбөлүгүн көрсөтүүлөрү керек болот.