Жалал-Абад: Изоляторду жаппай койгон милиционерлерге каршы кылмыш иши козголду

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абаддын прокуратурасы кармалган адам отурган убактылуу камоо изоляторунун (УКИ) эшигин жаппай коюшкан милиционерлерге карата кылмыш ишин козгоду. Ага башка камерадагы сот жообуна тартылгандардын экөөсү кайнак суу куюп жиберишкен.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, 2017-жылдын 29-октябрында Жалал-Абад ОИБнин милиционерлери УКИнин биринин эшигин ачык таштап салышкан.

«Камерада бир кармалган киши отурган. Андан кийин башка камерада отурушкан эки соттолуучу кирип, ага кайнак суу куюп ташташкан», — деп билдирди Башкы прокуратура.

Медициналык экспертиза жабырлануучунун денесине жеңил залал келтирилгенин аныктаган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, милиционерлер УКИнин ички тартип эрежелерин бузушкан. Аларга «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Шалаакылык» белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Мындан тышкары, кайнак суу куюп жиберген соттолуучуларга каршы дагы «Билип туруп ден соолукка залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш козголду.