Баткен: Катуу шамал турак жайлардын чатырын учуруп кетти

Иллюстративдик сүрөт

Баткен районунда 27-декабрда болуп өткөн катуу шамал беш турак-жайдын жана эки мектептин 100дөн ашуун шиферин жараксыз абалга келтирди. Жабыркагандар жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова «Клоопко» кабарлагандай, Баткен районунда 27инен 28-декабрга караган түнү түнкү саат бирлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 18 метрге жеткен.

«Катуу шамал Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай, Төрт-Көл, Кара-Бак айыл аймактарындагы турак-жай жана мектептердин 100дөн ашуун шиферин учурган», —  деди Шерипова.

Шерипованын маалыматына ылайык, катуу шамалдан Самаркандек айылындагы Мурат Салихов орто мектебинин 15 даана шиферин, Ак-Татыр айыл аймагындагы Орто-Боз айылында 5 сарайдын 60 чарчы метр темир чатырын учурган.

Ошондой эле, жаратылыш кырсыгынан Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Топ айылында үч турак-жайдын 12 даана шифери, Чоң-Талаа айылындагы бир турак жайдын 100 даана шифери жараксыз абалга келген.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен районунун тургундарына келтирилген чыгымдарды мамлекет төлөп бербейт. Катуу шамалдан жабыркагандар жок.