Кегети: Мектеп дискотекасында 110 адам газга ууланган

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Кегети айлында 110 адам газга ууланып медициналык жардам сурап кайрылышкан. Мектепте эртең мененки коюулуучу оюн-зоок учурунда жарык өчүрүлгөн, андан соң администрация генераторду иштетип, ошондон улам мектептин спорт залы уулу газга толгон.

Саламаттык сактоо министрлигинен «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, 27-декабрда 110 адам медициналык жардам сурап кайрылышкан, алардын ичинде орто жаштагы 4 адам бар. Бардык жабыркагандардан уулануу белгилери аныкталып, ал эми мектеп окуучалардын үчөөсү жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Кечинде ооруканада станционардык даарыланууда 38 адам калып, калгандары үйлөрүнө кетирилген.

28-декабрь күнү эртең менен жабыркандардын үчөөсү жандандыруу бөлүмүнөн чыгарылып, жалпы палатага которулушту, бирок алар азырынча дарыгерлердин көзөмөлүндө калышат. Калгандарын түшкө чейин ооруканадан үйлөрүнө чыгарышмакчы.

27-декабрда Кегети айлындагы Исаев атындагы мектепте жаңы жылга карата эртең мененки оюн-зоок иш-чарасы өткөрүлүп жаткан. Бирок ошол эле күнү катуу жааган кардан улам Чүй жана Талас облусунун 10 району жарыксыз калышкан.

Ага карабастан мектеп окучуулары майрамды токтотпостон дискотеканы мектептин спорт залында өткөрүүнү чечишкен. Атайын бул иш-чара үчүн мектеп администрациясы аларга бензин менен иштеген генератор бөлүп берип, ошондон улам уулануу болгон.