Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү ЖМКларга каршы 10 млн сомго арыз берет

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев ЖМКларга каршы 10 млн сомго арыз бергени жатат. Журналисттер ал жогорку билими жөнүндө дипломду сатып алган деген маалыматты жайылтышкан.

Сатыбалдиев өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү 800 долларга диплом сатып алган деп жазган «КыргызТаймс» интернет-басылмасы менен соттошкону жатат. Кийинчерээк басылма макаланы өзгөрткөн.

Сатыбалдиев «Азаттык» үналгысына курган маегинде анын диплому жасалма деген маалыматты четке какты.

Анын айтымында, айрым ЖМКлар «мындай маалыматты таратуу менен кимдир бирөөлөрдүн буйругун аткарып жатышат». Аткаминер журналисттерден 10 млн сом талап кылмакчы.

«2014-жылы Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинде экинчи кесип алуу максатында окууга тапшырып, юристтик кесипке ээ болдум», — деди Сатыбалдиев

Сатыбалдиевдин айтымында, буга чейин ал Жалал-Абадда коммерциялык институтун аяктап, ушул эле окуу жайдан диплом алган — окуу жайлардын архивдеринде тийиштүү документтер бар.