ММБФ «Бешинчи каналдын» мүлкүн каттоого алат

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) телеканалдын бардык мүлкүн каттоого алып, документтерин текшерет. Фонддун өкүлүнүн айтымында, бул каналдын жумушуна таасир этпейт жана обого чыгуу кадимкидей эле тартипте жүрөт.

ММБФнын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев билдиргендей, азырынча каналды ким жетектей турганы белгисиз. Бирок ал мүлктү каттоого алуу каналдын обого чыгуусуна таасир этпей турганын жана ал улана берет деп ишендирди.

«Бүгүн телеканалдын иш кагаздарын, жабдууларын тактап, инвентеризация кылышат. Жетекчилиги жана бир топ кызматкерлери кетип жатат. Техниканы тейлегендер, жабдууларга жооптуулар иштей беришет. Каналдын жумушу токтобойт», — деп ишендирди ал.

Кызматкерлер каржылоо көйгөйлөрүнүн айынан телеканалдан кетип жатышат.

15-декабрда каналдын директору Евгения Бердникова менен шеф-редактор Дмитрий Ложников билдиришкендей, алар өз кызматтарынан кетишүүдө. Ал эми 27-декабрда каналда жумуш токтотулуп жатканын маалыматтар бөлүмүнүн жамааты дагы билдирген.

28-декабрь күнү кечинде эфирге «Бешинчи каналдын» ишине, анын мурдагы жана учурдагы кызматкерлерине арналган жыйынтыктоочу жаңылыктардын түрмөгү чыккан.

29-декабрдан 31-декабрга чейин эфирге техникалык кызматкерелер тарабынан даярдалган программалар чыгып турат.

Ноябрда КСДПнын депутаты Дастан Бекешев каналды сатууну сунуштаган, анткени ал «юридикалык жактан дагы, иш жүзүндө дагы парламенттик телеканал боло алган эмес».

«Бешинчи каналдын» тарыхы

«Бешинчи канал» 2005-жылы биринчи президент Аскар Акаев кулатылгандан кийин жабык КООРТ каналылынын диапазонунда пайда болгон.

2009-жылга чейин телеканалдын башкы директору, кийнчерээк экинчи президент Курманбек Бакиевдин өкмөтүнө иштөөгө өткөн, парламенттин мурдагы депутаты Оксана Малеванная болуп турган.

«Бешинчи канал» президент Курманбек Бакиев кулатылып, Кыргызстандын бийлиги алмашкандан кийин бир жыл өткөн соң 2012-жылы биротоло улутташтырылган.

Бакиевден кийин президенттик кызматка келген Роза Отунбаева «Бешинчи каналдын» улутташтырылышына каршы болгон, бирок парламент көпчүлүк добуш менен телеканалды мамлекетке өткөргөн.

Бирок буга карабастан «Бешинчи канал» парламенттик болуп калган эмес, ал эми анын ордуна депутаттардын жыйындарын «Пирамида» чагылдыра баштаган.

Учурда телеканал бүткүл өлкөгө түз обого чыгып, Кыргызстандагы эң ири телеканалдардын бири болуп эсептелет.


 ТЕМА БОЮНЧА: