Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кичи ишкердүүлүк үчүн 10 млн доллар жеңилдетилген насыя бөлөт

Өкмөт кичи ишкердүүлүк үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча программаны ишке киргизди. Насыяга каражаттарды Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду бөлөт.

Премьер-министр Сапар Исаков кичи ишкердүүлүк үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча буйрукка кол койду.

«Кичи бизнес микрокаржылоо жаңы аспабынын көмөгү аркылуу өнүгүү үчүн жаңы дем алат. Жаңы жумушчу орундары түзүлүп, жаңы кичи ишканалар ачылат, экономикабыздын ар-кыл тармактарындагы өндүрүш кеңейтилет», – деди Сапар Исаков.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жеңилдетилген наясыларды берүү үчүн 10 млн доллар бөлүп берет.

Насыяларды төмөндөгү тармактардын ишкерлери ала алышат:

  • агроөнөржай комплекси;
  • тигүү жана текстиль өнөр жайы;
  • кайра иштетүү өнөр жайы, ошондой эле айыл жергесинде атамекендик сырье жана материалдарды кайра иштетүү боюнча ишканалар;
  • атамекендик өндүрүш, өзгөчө, айыл чарба продукциясын даярдоо, маркетингдөө, алга жылдыруу жана сатуу менен алектенген аймактык соода-логистикалык компаниялар;
  • айыл жергесиндеги туризм;
  • төмөнкүлөрдү камсыздаган экономиканын бардык тармактары: – экологиялык таза продукцияларды өндүрүү; – заманбап технологияларды киргизүү; – жогорку технологиялык продукцияларды чыгаруу.

Насыялар тамеки, алкогол, курал-жарак продукцяиларын өндүргөн же оюн ишкерлигинин ээлерине берилбейт.

Насыянын өлчөмү 500 миң сомдон ашпашы керек. Насыя 24 айга берилип, жеңилдетилген мөөнөтү 6 айды түзөт. Жогорку пайыздык чек – 14 пайыздан жогору болбойт.

Үстөктөрдү ай сайын, ал эми насыянын негизги өлчөмүн ар бир үч айда төлөп туруу зарыл.

Күрөөлүк камсыздоо талап кылынган кезде насыянын күрөөсү 120 пайыздан ашпоосу керек. Насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн кошумча төлөм алынбайт.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 2014-жылы ЕАЭБге кошулуп жаткан учурда кыргыз ишкерлерин колдоо үчүн негизделген. Фонд 2017-жылы 226 млн сом өлчөмүндө насыя бергенин билдирген.

Насыялардын көпчүлүгү айыл чарбасындагы долбоорлорго, транспорт тармагына, логистика жана соода-саттыкка кеткен.