Жээнбековдун президенттик кызматтагы алгачкы жаңы жылдык куттуктоосу

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн президенттик кызматына киришкенден кийин кыргызстандыктарды алгачкы жолу жаңы жылы менен куттуктады.

Жээнбеков Кыргызстандыктарды кыргыз жана орус тилдеринде куттуктады.

Президент узап бараткан 2017-жылды тарыхый жыл деп атап, Кыргызстанда экономикалык өсүш болгонун билдирди.

«Узап бараткан 2017-жыл тарыхый жыл болду. Бул жылы биз экономикалык өсүштү камсыз кылдык, бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырдык, эл аралык аренада өлкөбүздүн аброю жогорулады. Ачык-айкын, курч атаандаштык шайлоо аркылуу өлкөбүздүн жаңы президенти шайланды», — деди Жээнбеков.

«Азыр Кыргызстан өнүгүүнүн эӊ маанилүү мезгилине келди. Өлкөнүн алдында чоң милдеттер турат, өнүгүүнүн узак мөөнөткө багытталган стратегиясын аныктап жатабыз», — деп, бир катар убадаларды берди ал.