Депутат Жыргалбек Калмамаматов дүйнө салды

Жыргалбек Калмаматов. Сүрөт: Табылды Кадырбеков / «Спутник»

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жургалбек Калмаматов 2-январга караган түнү кайтыш болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, саясатчынын жүрөгү кармап калып, көз жумган.

Калмаматовдун кайтыш болгондугу туурасында маалыматты «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков тастыктады. Ал «Акипресс» басылмасына курган маегинде, өзүнүн кесиптеши 2-январга караган түнү инфаркттан улам кайтыш болуп калганын айткан.

«Сөөктү Алай районунун Гүлчө айлына алып кетишти. Жерге берүү зыйнаты эртең саат 12:00дө болот», — деди Баатырбеков.

Ошондой эле, саясатчынын дүйнө салгандыгы боюнча анын кесиптеши Элвира Сурабалдиева дагы өзүнүн твиттеринде билдирген.

Жыргылбек Калмаматов 46 жаш курагында каза болду. Ал үй-бүлөлүү жана артында тогуз баласы калды.

Калмаматовду «Кыргызстан» партиясынан депутат кылып 2015-жылы шайлашкан. Буга чейин беш жыл аралыгында «Агромет» компаниясын жетектеп турган.

Ал өзүнүн эмгек жолун 1991-жылы Ош облусунун Алай районундагы «Жылуу-Суу» чарбачылыгында бухгалтер болуп иштеп баштаган.

Андан соң 1999-жылы «Всегда» компаниясынын башкы директору болуп калып, 2002-жылы өкмөттүн «Темир» ишканасын жетектей баштаган.

Эки жылдан соң ал «Конурат» бирикмесин жетектеп баштап, бул кызматта ал 2010-жылга чейин эмгектенген.