Кыргыз кыз-келиндери: Түркиядагы түркүн тагдырлар

Сүрөт: «Азаттык»

2017-жылы Түркияга иш издеп келген кыргызстандыктар эки эсе көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү кыз-келиндер. Көбүнесе Түркиянын мыйзамдарын, коомдук маданиятын, тилин билбей келген мигрант кыз-келиндер ар түрдүү зордук-зомбулукка кабылган учурлар кездешет. Буга Анталиядагы Маликанын, Анкарадагы Сергүлдүн, Аланиядагы Ранохандын окуяларын мисал келтирсек болот.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн.

23 жаштагы Малика Ноотиева былтыр 21-декабрда таяк жеп, эс-учун жоготкон абалда Анталиянын “Ак деңиз” ооруканасына түшкөн. Буга чейин башына үч жолу оор операция жасалып, баш сөөгү сынып, ал жерге пластик коюлган.

Малика Ноотиеванын иши боюнча алгачкы соттук отурум 12-июлда оор жазаларды караган төртүнчү сотто өткөн. Февралда Малика ооруканадан чыгып, тергөөгө байланыштуу азыр ал Анталияда апасы менен жашап жатат. Малика азырынча жакшы сүйлөй албай, үнү акырын гана чыккандыктан суроолорго жооп берүүдө кыйналды. Андыктан апасы Аделден анын акыбалы тууралуу сурап билдим.

«Азыр кудайга шүгүр, жакшы болуп калды. Бирок ошол сол тарабы иштебей жатат. Өзгөчө сол колун кармай албай жатат. Азыр физиотерапия өтүп жатабыз. Сот бүтсө эле Кыргызстанга кетебиз деп турабыз».

​Малика бир жыл мурун Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени келип, тааныш кызынын сөзүнө алданып ушул каргашалуу окуяга кабылган. Соттук отурумда Малика түрк жараны М.Й. аны унаасына салып, Анталиянын Коркутели аймагына алып барганын эстеп айтып берген. М.Й. унаада кызга зомбулук көрсөтүп, башына катуу темир менен бир канча жолу ургандан кийин жолдун жээгине таштап качып кеткен. Айыпталуучу М.Й. сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес. Кийинки соттук отурум Маликанын ден соолугуна байланыштуу январь айына жылдырылган.

Иллюстративдик сүрөт

Түркиядагы бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча 2017-жылы өлкөдө зордук-зомбулуктан күн сайын бир аял каза болгон. Көпчүлүгү күйөөсүнөн, баласынан же эркек туугандарынан запкы тартат.

Түрк өкмөтү коомдогу аялдарга болгон зордук-зомбулукту жоюш үчүн бир канча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, социалдык долбоорлорду иштеп чыгууда.

Түркиядагы кыргызстандык мигрант кыз-келиндер негизинен үй кызматтарында, дүңүнөн текстил саткан дүкөндөрдө сатуучу, бала багуучу болуп, кары, оорулуу кишилерди карап иштешет.

Алар туристтер арбын каттачу Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет. Алар өздөрүнүн мигрант катары укуктары менен милдеттерин, ооруп калса жардамы тийчү медициналык камсыздандыруу жаатындагы көйгөйлүү маселелерин чечүүнүн жолдорун анча биле беришпейт.

Динарага акчаны ким төлөйт?

Динара Алымкулова 28-июлда Анталияда жол кырсыгына кабылган. Оң бутунун согончогу жанчылып, оор операция жасалган кыргыз келиндин Түркияда үй кызматында иштегенине жети ай болгон.

Анталияда карыя кишини багып жүргөн Динара ал үй-бүлөнүн өспүрүм балдары менен чогуу 31-июл күнү кечинде электр моторлуу велосипед менен эс алууга чыккан. Жолдо кырсыкка кабылган эки өспүрүм менен Динара дароо эле Акдеңиз университетинин ооруканасына жеткирилген.

«Менин жанымда 17 жаштагы бала жана 11 жаштагы кыз бар болчу. Биз электрондук велосипед алып жакшы эле кыдырып жүргөнбүз. Жаңы эле жамгыр жаап бүткөн болчу. Жакшы эле тээп жүргөнбүз».

Иллюстративдик сүрөт

Окуядан алты ай өтсө дагы Динараны коюп кеткен айдоочу табыла элек. Анын адвокаты Хасан Жан жабырлануучу ушул жылдын аягына чейин келип, өкмөт бере турган кенемтени алыш үчүнкомиссиядан өтүшү зарыл экенин эскертет.

«Динаранын ооруканадагы бардык төлөмдөрүн медициналык жактан камсыздандырган компания өз мойнуна алды. Жакын арада Динаранын согончогуна кайрадан операция жасалышы керек. Андыктан ооруканадагы бардык маалыматтарды чогултуп, мен ушул жылдын аягына чейин документтерди өткөрүшүм керек.

Ал эми аны коюп кеткен айдоочуну күч органдары таба албай койгондон кийин өкмөт жабыркаган адамга акчалай компенсация төлөп бергенге милдеттүү. Акчанын суммасы атайын комиссиянын тыянагынан кийин белгилүү болот. Эгер Динара "компенсация жетиштүү эмес" десе, кайра сотко бергенге укуктуу».

Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 19 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Анталия аймагында эле бейрасмий түрдө 6000ден ашык кыргызстандык жашайт.

Аялды сабаган полициячылар жазасыз калабы?

2017-жылдын 4-октябрында Түркиянын социалдык түйүндөрүндө Анталиянын Алания аймагында эки полиция кызматкери жерде жаткан аялды сабап жаткан тасма тарап, окуя катуу талкуу жараткан.

Кыргызстандык аялдын түрк полициясы тарабынан сабалып жаткандагы видеодон скриншот

Түрк полициясы окуянын чоо-жайын териштирип, таяк жеген аял 40 жаштагы кыргызстандык Р. Арипова экени, ал психикалык жактан жабыркап жүргөнү айтылган.

Ур-токмокко кабылган кыргызстандык Р. Арипова дарыланган соң 20-декабрда Бишкекке кайтып келди. Бирок Түркиядагы сотто анын кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокаты Мүге Гезгинжи кыргызстандык келиндин өлкөсүнө кеткенинен кабарсыз экенин айтты.

«Бизге эч кандай маалымат берилген жок. Ранохан ал абалда кандайча Кыргызстанга кетерин түшүнбөй турам. Айыпталуучу полиция кызматкерлердин бирөө соттук отурумга чейин эле бошотулган. Экинчиси соттук көзөмөлдө. Экөө тең жумуштан чыгарылды.

Бирок бул ишти тымызын унуттуруп, келинди сабаган полиция кызматкерлерин кайра акырындап ишке алынышы толук ыктымал. Алардын башкы максаты ошол деп ойлойм».

Ур-токмоктон жабыркаган Р. Арипова Кыргызстанга кеткенге чейин Түркиянын Адана шаарындагы психикалык диспансерде дарыланып жатканы белгилүү болгон. Анын мындай абалга кантип келип калганы белгесиз.

Үйүн сагынып, куса болуп...

Стамбул университетинин жана Германиянын Олденбург университетинин магистранты Айжамал Марат дал ушул Түркиядагы мигрант кыз-келиндердинпсихологиялык, социалдык-экономикалык абалын талдаган илимий сурамжылоо жүргүзгөн.

«Мен мигранттар менен сүйлөшүп жатып көптөгөн тагдырларды уктум. Кээ бирлери Кыргызстандагы жакындарын сагынганын айтышты. Алар күндө иш бергендин үйүн тазалап иштегенден, Түркияда кыйналып жашагандан тажашканын байкадым. Ал эми кээ бир мигранттар, тескерисинче, Түркиянын абасы, иши жакканын билдиришти.

Түркиядагы мигранттардын көпчүлүгү Кыргызстанда кандайдыр себептер менен маселелери бар экенин байкадым. Мен сүйлөшкөн кыз-келиндердин айрымдары Кыргызстандагы аз айлыктын айынан Түркияга келип иштөөгө мажбур. Андан тышкары үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан качкан мигрант кыз-келиндерди да жолуктурдум».

Ондогон мигрант кыз-келиндер менен бетме-бет сүйлөшкөн Айжамал Маратты негизинен алардын психологиялык абалы кызыктырган. Кыргызстандыктардын жасаган жумуштары оор болгондуктан көбүнчөсү психологиялык жактан туруштук бере албай кеткен мисалдар да кездешкен.

«Түрк тилин жакшы билбегендик, айлана-чөйрөдөн, коомдон узак болуу өзү эле чет өлкөлүк жарандарды чүнчүтүп жиберет. Буга макулдашкан иштерден башка жумуштарды дагы аткаруу милдети кошулганда мигранттар чын эле физикалык жактан чыдай албай кетишет деп ойлойм.

Мисалы, эртең мененки саат жетиден баштап түнкү он экиге чейин иштегендер дагы бар экен. Иликтөөмдү "Түркиядагы мигранттарга укуктук сабаттуулук жетишпегендиктен бул маселе алардын психологиялык абалына дагы таасирин тийгизип келет" деп жыйынтыктадым».

Ийгилик кушун колго түшүргөндөр

Кыргызстандык мигранттардын арасында Түркияда өз ишин ачып, ийгиликке жеткен мекендештер да арбын. Ашкана ачкан Айпери, Айдана жана Айпери быйыл алардын катарын толуктады. Борбор шаар Анкарада эки ай мурун ашкана ачкан үч ишкер курбу кыз буга чейин бала карап, кемпир карап иштешкен.

«Биз үчөөбүз бир убакта жумуштан чыгып калдык. Бирөөнүн колунда иштеп жатып тажап, өзүбүздүн ишибизди ачсак деп ойлоно баштадык. Жалгыз ача алмак эмеспиз. Анан үчөөбүз чогулткан акчабызды топтоп, жетпегенин карызга алып кафебизди ачып иштеп жатабыз».

Түркияга иштегени келген кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны былтыркыдан эки эсе көбөйдү. Алардын көбү Кыргызстанда жогорку билим алганы менен негизинен өз кесиби боюнча иштешпейт.

Буга түрк тилинде мыкты сүйлөй албаганы жана Кыргызстандан алынган дипломдун түрк билим берүү стандарттарына туура келбегени себеп. Ошентсе да, арасынан максатты бийик коюп, түрк тилин окуп үйрөнүп, түрк университет, коллежин бүтүрүп, өз адистиги боюнча иштеп жүргөндөр да бар экенин кошумчалай кеткибиз келет.

Кыргызстанда азырынча Түркияга эмгек миграциясына агылып кетип аткандарга укуктук, социалдык жактан жардам көргөзүү иштери колго алына электей.