Евробиримдик билим берүүнү өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 10 млн евро бөлдү

Евробиримдик Кыргызстанга бөлгөн 10 млн гранттык каражат билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жумшалышы керек. Жалыпысынан Евробиримдик 2020-жылга чейин Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 36 млн евро бөлөт.

Евробиримдик Кыргызстанга 10 млн евро өлчөмүндө гранттык каражат бөлдү.

Билим берүү министрлиги билдиргендей, аталган каражат өкмөттүн эсебине түшөт жана ал Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга жумшалат.

Гранттын эсебинен орто жана кесиптик-техникалык билим берүүнү реформалоо жүргүзүлөт, ошондой эле, педагогикалык стандарттар жогорулатылат.

Буга чейин Кыргызстанга гранттык каражат бөлүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо учурунда парламенттин депутаттары каражаттарды китептерди сатып алууга, мектептерде интернет орнотууга жана ошондой эле, мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртууга дагы жумшоону сунушташкан.

Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу учурунда Евробиримдик Кыргызстанга бир эле 36 млн евро өлчөмүндө каражат бөлбөстөн, техникалык жактан дагы жардам берип, Билим берүү министрлиги менен Каржы министрлиги үчүн тренингдерди өткөрөт.

Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы

Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы 2012-жылы кабыл алынган, ал эми аны 2020-жылга чейин ишке ашыруу зарыл.

2020-жылы өнүктүрүү программалары Кыргызстандын мектепке чейинки окуучуларынын (5-6 жаш) көпчүлүк бөлүгүн камтышы керек, ал эми орто жана жалпы билим берүү динине, жынысына жана каражаттын жоктугуна карабастан калктын бардык катмарына жеткиликтүү болуп калышы керек.

Бийлик өмүр бою үзгүлтүксүз жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүп берүүнү убада кылууда.

Студенттер жумуш менен окууну бирдей алып кетишип, ошондой эле, кредиттик билим алуу системасына өтө алышат. Стратегияга ылайык, билим берүү системасы «көп тилдүү билим берүү чөйрөсүндө толеранттуулукту сакташы» керек.