Иранды 2017-жылдын декабрынын аягында башталып, алты күндөн бери уланып жаткан митингдер каптады. Башында каршылык акциясына чыккандар азык-түлүктүн баасынын кымбаттыгына нааразычылык билдиришкен. Бирок акция акырындык менен саясий нааразычылыкка айланып кетти. 20дан ашуун адам митингдерде набыт болуп, 450дөн ашууну кармалган.
Бардыгы эмнеден улам башталган?
Алгачкы каршылыктар 2017-жылдын 28-декабрында Ирандагы чоңдугу боюнча экинчи орундагы шаар Мешхедде башталып кеткен. Башында адамдар азык-түлүктөрдүн баасынын кымбаттаганына нааразы болуп көчөгө чыгышкан — анда жумуртканын баасы бир апта ичинде эле эки эсе жогорулап кеткен.
Бара-бара митингчилер саясий чакырыктарга өтө башташкан. Алар негизинен полициянын зомбулугуна каршы болушуп, саясий кине менен камалгандарды чыгарууну да талап кылышкан.
29-декабрда каршылыктар өлкөнүн дагы беш шаарында тутанып кеткен. Митингдер туурасында маалыматтар Мешхедден кийин эле Решт, Керманшах, Шираз, Исфахан жана Хамадан шаарларынан түшө баштаган. Мешхеддин өзүндө эле полиция нааразычылыкка чыккан 52 адамды кармаган.
Кийинчерээк митингчилер менен полиция жана Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун күчтөрүнүн ортосунда кагылыш башталган — бул Ирандын улуттук коопсуздукту камсыздоочу куралдуу күчтөрүнүн өзгөчө бөлүгү.
Алгач митингчилер 30-декабрдын таңында өлкөнүн борбору Тегерандын көчөлөрүнө чыгышкан. Полиция митингчилерге каршы көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтарды колдонгон.
Бул митингдер 2009-жылдагыдан да ири каршылык акциясы болуп калды — анда нааразы болгондор Махмуд Ахмадинежаддын президенттик шайлоодогу жеңишине каршы чыгышкан. Бирок каршылык билдирүүлөрү негизинен Тегеранда жүз берип, аны токтотууга мүмкүн болгон.
Каршылык митингдердин алдыңкы алты күнүндө эле кеминде 21 адам курман болгон. Полиция митингчилердин 450дөн ашуунун кармаган, эми алардын айрымдары өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.
Ирандыктар эмне себептен көчөгө чыгышты?
Негизги себептердин бири деп 2015-жылы макулдашкан Ирандын өзөктүк келишиминин кесепеттерин аташууда. Келишим Ирандын өзөктүк куралын өндүрүүдөн баш тартуусунун ордуна санкцияларды алууну көздөгөн.
Ирандын президенти Хасан Рухани өлкөнүн экономикасынын өсүшүн БУУ коопсуздук кеңеши киргизген санкциялардын алынышынын эсебинен камсыздоону көздөгөн. Бирок АКШнын президенти алмашып кеткендигинен улам бул нерсе ишке ашпай калган. Жаңы шайланган президент Доналд Трамп мурдагы администрациянын планынан баш тартып, 2017-жылдын октябрында келишимдерди кайра карап чыгууну убада кылган.
Өкмөткө каршы чакырыктардын болгонуна карабастан нааразычылыкка чыккандардын арасында даана лидерлер жок. Бул сегиз жыл мурда оппозиционерлер президенттик шайлоонун жыйынтыктарын талашууга аракет жасашкан учурдагы митингдерден айырмаланып турат.
Пикетчилердин чакырыктары
Ирандыктар бир гана өлкө экономикасынын абалына эмес, орто катмар менен саясий жана диний элитанын ортосундагы теңсиздикке нааразы.
Негизинен, Мешхед шаарында бир нече адамды «Президент Руханиге өлүм» деген чакырыктар үчүн камакка алышкан — ал эми башка митингчилердин арасында «Кымбат бааларга өлүм» деген чакырык популярдуу болуп калган.
Чакырыктарда Рухиниден тышкары Ирандын жогорку жетекчиси аятолла Али Хосейни Хаменеинин да аты пайда болгон. Митингчилер «Али, өлкөнү жайына кой!» деп кыйкырышууда.
Тегеран университетинин студенттери «Консерваторлор менен реформаторлор, оюн бүттү» деген чакырыктар менен чыгышууда. Ошентип алар парламентте кыжырды кайнатып отурган саясий күчтөргө өздөрүнүн нааразылыктарын билдирип жатышат.
Иран жарандык согуш каптаган Сириядагы Башар Асаддын өкмөтүн колдоп жаткандыктан, каршылыкка чыккандар «Сириядан кеткиле, биз жөнүндө ойлонуп койсоңор» деген чакырыктарды колдонуп жатышат.
Мындан тышкары, айрым митингчилер «Орусияга өлүм» деп кыйкырышууда. Алар мындай кадамдар менен өлкөнү Махмуд Ахмадинежад жетектей баштаган учур — 2009-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын колдогон Москвага карата өз мамилелерин көрсөтүшүүдө.
Тегерандын көз карашы
Президент Хасан Рухани 1-январда өзүнүн жарандарга карата кайрылуусунда маалымдагандай, ирандыктардын бийликти сынга алганга укуктары бар.
«Биз Конституция менен жарандардын укуктарынын негизинде түзүлгөн эркин калкпыз, элдер өз сын-пикирлерин, жада калса өздөрүнүн нааразылыктарын эркин түрдө көрсөтө алышат», — деп келтирүүдө Руханинин сөздөрүн PressTV маалымат агенттиги.
Буга карабастан президент массалык каршылыктардын артында АКШ турат деп эсептейт. Ирандын президентинин пикиринде, каршылыктарга чыгып жаткандарды Сауд Арабиясы колдошу мүмкүн — бул өлкөлөр 2009-жылы дипломатиялык алакаларды үзүшкөн. Бул нерсе жыл башында Тегерандагы араб элчилиги ирандыктарга Молотов коктейлин ыргыткандан кийин болгон. Алардын нааразычылыктары Сауд Арабиясында болгон шиит үгүтчүсү Нимра ан-Нимранын өлүм жазасына тартылышына алып келген.
Өлкөнүн бийлиги атайылап башаламандыктарды козутушкан бир нече «чалгынчы» кармалгандыгы жөнүндө маалымдашкан. Аятолла Хаменеи 2-январда билдиргендей, өлкөдөгү каршылык акцияларын «акча, курал, саясий билдирүүлөр менен чалгындоону» колдонуу менен «душмандар» уюштурушкан.
Президенттин көз карашына карабастан, бийлик жарандарды митингдерге катышпоого чакырууда. Ирандын ички иштер министри Абдолреза Рахмани-Фазли каршылыктардын катышуучулары «өздөрү менен башка жарандар үчүн көйгөйлөрдү жаратышууда» деп айтты.
ЖМК жана интернет тармагында эмне болуп жатат?
Иранда телекөрсөтүү мамлекеттин көзөмөлүндө болгонуна карабастан, болуп жаткан окуялар жөнүндө көрсөтүлүүдө. Негизинен телеканалдар Кахдарижан шаарында өлтүрүлгөн адам жөнүндө билдиришүүдө — журналисттердин айтымында, каршылык акциясына чыккандар полициянын участогундагы куралдарга ээлик кылуу аракетин жасашкан.
Ошол эле кезде телевидениеден президент Рухани менен жогорку аятолла Али Хусейн Хаменеиге багытталган өкмөттү колдоо митингдери дагы өтүп жаткандыгы боюнча билдиришүүдө.
Каршылык акциялары күчөп турган кезде Иранде Telegram месенжери менен Instagram коомдук түйүнүн бөгөттөп салышты. Бийлик бул нерсени «тынчтык менен жарандардын коопсуздугун колдоо» максатындагы убактылуу чаралар деп түшүндүрдү.
Бирок 31-декабрда Дуров жеке өзү «зомбулукка ачык үгүттөө чакырыктары» үчүн “amadnews” каналынын бөгөттөлгөнү боюнча жарыялаган. Жалпысынан каналга 1,4 млн адам жазылган. Каналдын маалыматтарына жазылгандарга «Молотов коктейлин» полицияга каршы кандай туура колдонуу керектиги жөнүндө маалымат таркатышкан.
Буга чейин Дуровго Ирандын коммуникация министри Азари Жахроми полицияга карата зомбулук көрсөтүү чакырыктары бар каналды тосмого алуу талабы менен жеке өзү кайрылган.
Иранда Telegram — популярдуу месенжерлердин бири. Аны 40 млнго жакын адам колдонот. 2016-жылы ага өлкөнүн жалпы интернет-трафигинин 40тай пайызы кетчү. Месенжердин популярдуулугу өлкөдө көптөгөн батыштын сервистери тосмолонгону менен байланыштуу.
Дүйнө коомдоштугунун реакциясы
Каршылык акциялары башталгандан бир күн өтүп АКШнын Мамдепартаменти өлкөдөгү толкундоолорго комментарий берген. Америка Ирандын бийлигин алар «экспортко чыккан башкы товары зомбулук, кан төгүү, хаос эсептелип калган тарыхка жана маданиятка бай өлкөнү экономикалык жактан алсыраган-каракчы мамлекетке айлантып» салышты деп айыптаган.
АКШнын президенти Доналд Трамп твиттерде АКШ Ирандагы окуяга көз салып турат деп жазган.
«Акыр аягында эл өз акчалары менен байлыктарын уурдашып, террорчуларга жумшап жатышканын түшүнүштү. Алар мындан ары буга макул болушпайт өңдүү. АКШ адам укуктарынын бузулушуна абдан дыкат көз салып турат», — деп айтылат Трамптын маалыматында.
Жооп иретинде Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын президентин өлкөнүн ички көйгөйлөрүнүн үстүндө ойлонууга чакырган.
«Ал күнүгө куралдуу кагылыштар менен атышуулардагы адам өлтүрүү жана миллиондогон үйсүздөр менен ачка калган адамдардын көйгөйлөрү сыяктуу ички маселелер менен алектенүүгө аракет кылса жакшы болмок», — деп келтирди Иран ТИМнин өкүлүнүн сөзүн RT басылмасы.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болуп жаткан окуяларды «Ирандын ички иштери» деп атап, башка өлкөлөрдү бул окуяларга кийлигишпөөгө чакырды.