Чүй: Милиция эки аялды өлтүрүү боюнча дагы үч шектүүнү кармады

Иллюстративдик сүрөт

Милиция Сокулук районундагы Беловодск айлында эки аялды өлтүрүүгө шектеп үч адамды кармады. Алар жаңы жыл түнү турак-жайга каракчылык менен кол салышкан. Жалпысынан милиция бул кылмышка шектеп алты адамды кармаган.

Чүй облусунун ИИБи каракчылык кылып кол салган жана Беловодск айлында 1-январга караган түнү эки адамды өлтүрүүгө шектелген үч жарандын кармалганын билдирди.

Кармалгандар — Бишкектин жана Чүй облусунун тургундары. Алар Убактылуу камоо изоляторуна (УКИ) жайгаштырылышты. Милиция кылмыштын башка катышуучуларын издеп жатат.

Мурдараак 2-январда милиция бул кылмышка шектүү деп эки адамды кармаган. Алардан курал, ири суммадагы акча жана алтын зер буюмдары табылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 31-декабрдан 1-январга карган түнү Беловодск айлындагы турак-жайлардын бирине кол салышкан. Ал жакта төрт адам болгон — аялы, күйөөсү жана алардын эки айлык небереси менен колуктусунун апасы.

Каракчылар эки аялды атып өлтүрүшкөн: бирөөсү башына, экинчиси арка белине ок жеген. Эркек кишини ээк жагына атышып, ал оор абалда ооруканга жаткырылган. Каракчылар кичинекей балага тийишкен эмес.

«Кылмышкерлер үйдө 100 миң сом сакталуу деген бирөөнүн көрсөтүүсү боюнча акчанын артынан келишкен», — деп билдирген «Спутник» басылмасына укук коргоо органдарындагы булак.

Бул кылмыш фактысы боюнча «Карактоо» жана «Адам өлтүрүү» беренелери менен кылмыш иши козголду.