Нарын: Окуучулар сабак учурунда эстерин жоготууда

Иллюстративдик сүрөт.

«Турмуш» басылмасы Кочкор районунун Туз айлындагы мектеп окуучулары сабак учурунда эстерин жоготуп, жыгылып калып жатышканын жазган. Бул арыздануулар Мамэпидемкөзөмөлдүн текшерүү жүргүзүүсүнө алып келди.

Туз айлындагы мектептин жетекчилиги имаратта зыяндуу заттардын бар же жогун текшерүү боюнча өкмөткө кайрылган. Мектептин администрациясы окуучулардын арасындагы баш оруулардын себептери имараттагы курулуш материалдары менен байланыштуу болушу мүмкүн деп шектенүүдө.

Жалпысынан баш оорусуна жана эс учун жоготууга арызданып ооруканага 20га чукул окуучу кайрылган, бирок алардан тышкары мугалимдердин арасынан өздөрүн жаман сезип жатканын айтышып, эч ким кайрылган эмес.

«Турмуш» басылмасынын маалымдашынча, мектеп администрациясы башында бул көрүнүштү имарат эски мүрзөнүн үстүндө курулганы менен байланыштырган. Мындан улам куран окутулуп, бул да жардам бербей окуя кайталана берген.

Мамэпидемкөзөмөлдүн комиссия мүчөсү Алтын Ураимованын «Клооптун» кабарчысына айтуусу боюнча, окуучулардын арасындагы бул көрүнүштүн себептери азырынча белгисиз. Курулуш материалдарынын анализи эч кандай терс натыйжа көрсөткөн эмес.

Ураимованын айтымында, Мамэпидемкөзөмөлдүн кызматкерлери кабинеттердеги микроклиматты текшеришип, класстарга бат-баттан таза аба киргизип туруу кеңешин беришкен.

«Айрым класстарда Цельсий боюнча 18 градус болушу керек болгон оптималдык температура 25 градуска чыгып кеткен. Биз аларга имаратка таза аба киргизип, класста оптималдык температураны сактоону кеңеш бердик. Балким, себеби ушул болушу мүмкүн», — деди ал.

Ураимова мындай сурам менен комиссияга биринчи жолу кайрылуу түшкөнүн кошумчалады.