Оштун 28 жаштагы тургуну 11-кабаттагы балкондон кулап түшүп көз жумду.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» кабарлагандай, түштүк борбордун 28 жаштагы тургуну он биринчи кабаттагы балкондон 3-январь күнү 18:30дарда кулаган. Көп узабай ал көз жумган.
«Кырсык 3-январда 18:30дар чамасында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде катталган. Ал күнү маркум мас абалда болгону аныкталды», — деди Сыдыков.
Сыдыков билдиргендей, Ош ШИИБи аталган фактты «өзүн-өзү өлтүрүү» беренесинин негизинде каттоого алды.