Ысык-Көл: Бостери айлында ресторан өрттөнүп, катардагы эки имарат жабыркады

Ысык-Көл облусунун Бостери айлында «Осьминог» рестораны өрттөнүп, андан кийин өрт катарлаш жайгашкан имараттарды каптай баштаган. Өрт үч саат аралыгында өчүрүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Клоопко» билдиргендей, 7-январь күнү таңкы саат 4:00дө Бостеридеги «Осьминог» рестораны өрттөнө баштаган.  

Өрт катарлаш жайгашкан эки имарат — «Гринхаус» жана «Сыябан» мейманканаларын каптай баштаганына карабастан, эч ким жабыркаган эмес. Коттеждердин биринин үчүнчү кабаты менен чатыры, ал эми экинчисинин — чатыры менен майңдайы (фасад) өрттөнүп кеткен.

Өрт жалындап кеткенден соң үч сааттан кийин өчүрүлгөн, окуя болгон жерде эки өрт техникасы иштеген.

«Өрт өчүргүчтөр тилсиз жоону эртең мененки саат 7ге жакын өчүрө алышкан. Өрт чыгуунун себептери белгисиз. Учурда техникалык-өрт чыгуу экспертизасы дайындалды, анын жыйынтыгы боюнча эмне болуп кеткени түшүнүктүү болот», — деди Усубакунов.

Азырынча укук коргоо органдарында ресторанда газ баллондор жарылып кетиши ыктымал деп божомолдошууда. Өрт учурунда имараттын ичинде эч ким болгон эмес, анткени ресторан жайкы сезондо гана иштейт.

Күбө болгон Турат Исалиев өрттү видеого тартып алып, бул жөнүндө билдирген. Анын айтымында, ал болжолдуу таңкы саат 04:30да катуу жарылуунун үнүн уккан.

«Тарс эткен катуу үн чыкты. Өрт катарлаш жайгашкан үч үйгө өтө баштаган. Экөөсүн өчүрүштү, дагы бирөөсү дагы деле күйүп жатат. Ресторанда газ же электрика болгон эмес, ал жабык болчу», — деп жазган ал өзүнүн постунда.

Сталбек Усубакуновдун айтымында, ресторандын ээси Өмүрбек Бабановдун эжеси болот деген версия бар, бирок ал азырынча тастыктала элек.