Талас: Зордуктоонун курмандыгы болгон майып кыз көз жарды

Иллюстративдик сүрөт

Талас облусунун ооруканасында акыл-эсинен жабыркагандар тарбияланган интернатта жашаган 19 жаштагы кыз төрөдү. Кыздын айтымында, аны тууганы зордуктаган. Прокуратура кылмыш ишин козгогон, бирок азырынча ымыркайдын атасын таба элек.

Кыз 29-декабрда Талас облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жарган. Врачтар энеси менен ымыркайдын абалын туруктуу деп айтышууда. Оорукананын жетекчилиги кызды үйүнө чыгара берсе болот деп эсептейт.

«Өзүңөр көргөндөй, Кундуз ымыркайы менен бир палатада жатат. Эмчек эмизүүнүн бардык ыкмаларын көрсөтүп бергенбиз. Кызын өзү карап, төрөт бөлүмүндө жатат. Төрөт учурунда кан кетүү сыяктуу кооптуу белгилер болгон жок. Бүгүнкү күндөгү абалы жакшы», — деп келтирүүдө «Азаттык» үналгысы врачтын сөздөрүн.

Бакай-Ата райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү Каныкей Бошкоева кыздын бараар жери жок экенин жана бийлик аны жайгаштыруу үчүн аракеттерди көрүп жатканын айтты.

«8-январга чейин төрөт үйүндө болот. Аны туруктуу бир жерге жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бишкекке чалдык. Анан Манас районундагы интернат-үй менен да сүйлөшүүлөр болуп жатат», — деди Бошкоева.

Көз жарганга чейин кыз Талас облусунун Кара-Буура районундагы майыптар жашаган мекемеде баш калкалап жаткан. Мекеменин директору Манапбай Казакбаев бөлүмдүн кызматкерлери кызды карап жатышканын айтты.

«Кундуз бизге 2017-жылдын 8-августунда кош бойлуулугу 19-20 апта болуп келген. Бул жерден биздин дарыгерлер атайын бөлмө бөлүп берип, дайыма көзөмөлдө болду. Төрөгөндө да биздин дарыгерлер тамак алып барып, көрүп жатышат. Ымыркайга керектүү буюмдардын баарын өзүбүз алып барып бердик. Туугандары, апасы жактан эч кимиси келген жок», — деди ал.

Майып кыздын зордукталышы боюнча кылмыш иши

2017-жылдын сентябрында Талас облусунун прокуратурасы кыздын кош бойлуу болуп калган фактысы менен «Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Жабыркаган кыздын айтымында, ал туугандарыныкына барган учурда аны эжесинин баласы зордуктаган.

Шектүүнүн апасы өзүнүн баласынын зордуктоо тийиштиги бар болгонун четке каккан. Анын айтымында, алардыкына конокко келген учурда баласы Кундуз менен көрүшкөн дагы эмес жана кылмыш кылуусу мүмкүн эмес болчу.

«Бул иште баламдын эч кандай күнөөсү жок. Мен 100 пайыз кепилдик берем. Балам беш маал намазга жыгылат. Кундуз 20-мартта келип, 22синде интернатка кеткен. Ал кезде балам шаарда болчу. Андан келип алып эле дааватка чыгып кеткен. Кундуздун үйгө келгенин ал көргөн да эмес», — деп билдирген ал.

Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып, бирок азырынча ымыркайдын атасы табыла элек.


ТЕМА БОЮНЧА: