Түркияда экинчи кабаттан кулаган аялга операция жасалды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Түркияда экинчи кабаттын балконунан кулап кеткен кыргызстандык аялга операция жасалды. Ал 19-январда мекенине кайтып келе алат.

Аталган мекемеден маалымдашкандай, жабыркаган Айнура Финикидеги ооруканадан чыгууга даярдык көрүүдө.

Түркиялык врачтар кыргызстандык аялга медициналык камсыздандыруу барагынын эсебинен операция жасашкан. Жабыркаган аял январь айынын башында, колу, буту жана сан сөөктөрү сынып ооруканага түшкөн.

Айнуранын айтымында, ал бөлмөнүн эшиги жабылып калганы үчүн балкон аркылуу терезеге ашып өтүүнү чечип, экинчи кабаттан кулап кеткен.

«Жарык өчүп, эшик жабылып калып, мен балкондо калып калдым. Анан мен балкондон терезе аркылуу кирейин деп, бетонду басып экинчи кабаттан кулап түштүм», — деп келтирүүдө «Азаттык» үналгысы Айнуранын сөзүн.  

Айнура Түркияга октябрдын башында иштегени барып, улгайган адамды багып иштеп жүргөн.