Эми жол эрежесин бузган айдоочуларга жаза баллы берилет

Патрулдук милиционер. Фотосүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Патрулдук милиция жол эрежесин бузган айдоочулардын күбөлүктөрүн албай, анын ордуна жаза баллдарын берет. Тартип сакчылары электрондук форматта протокол түзүү үчүн планшеттерге да ээ болот.

Премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугу боюнча 10-январда өткөн кеңешмеде билдиргендей, патрулдук милиционерлер эгерде айдоочулар жол эрежесин буза турган болсо, алардын айдоочулук күбөлүктөрүн тартып албайт.

Исаковдун айтымында, жол эрежесин бузгандардын айдоочулук күбөлүктөрүн тартып алуу — «ЖКККББдагы эң чоң коррупциялык фактор».

Өкмөт башчысынын билдиришинче, 2018-жылдын жаз мезгилинин аягына чейин патрулдук милиция кызматкерлери айдоочулардын жол эрежесин бузган учурларынын санын жана даражасын баалашып, ошого жараша жаза баллдарын берип калышат.

«Протоколдорду планшеттердеги маалымат базасына киргизүү системасы жолго коюлгандан кийин патрулдук милиция күбөлүктү тартып албай, жөн гана эреже бузууну каттап коёт. Ар бир эреже бузуу үчүн авто сүйүүчүлөргө балл чегерилет. Жаза балл системасы менен белгиленет», — деди Исаков.

Премьер-министр кошумчалагандай, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын (ЖКККББ) базасында айдоочунун мурдагы эреже бузганы, штрафтары жана автомобили туурасындагы маалыматтар сакталат.

Андан тышкары, Исаковдун оюнча, патрулдук милиционерлер айдоочуларды эч себепсиз эле токтотпошу керек. Тартип сакчылары атайын рейд учурунда гана андай укукка ээ болушат.

«ЖКККББнын кызматкерлери жол кыймылынын мүчөлөрүн эч себепсиз эле токтотпой турган так система иштеши керек. Ал эми айдоочулар болсо өз кезегинде өз жоопкерчиликтерин сезишип, жол эрежесин бузбашы керек», — деди өкмөт башчысы.

Исаковдун айтымында, жол эрежесин бузууну каттаган жаңы система «коррупцияны жоюуга» жардам берип, бюджеттин кирешесин көбөйтөт.