Ош: «Мас» абалдагы патрулдук милиционер кызматтык унаа менен тосмону сүзүп алды

Ыктымал кырсык болгон жерден сүрөт.

Активист болжолдуу түрдө Оштун Араван районунда «мас» абалдагы патрулдук милициянын инспектору кызматтык унаа менен тосмону сүзүп алганын жазып чыкты. Патрулдук милиция жол кырсыгы боюнча маалыматты текшерип жатат.

Активист Болот Ибрагимов өзүнүн фейсбук барагында 12-январь күнү жарыялагандай, мас абалдагы патрулдук милициянын инспектору тосмону сүзүп, ошол жерде «уктап калган».

«Патрулдук милициянын кызматкери тосмону сүзүп алды. Рулдагы инспектор чылгый мас болгон. Аны ойготууга аракет кылышканы менен ал ойгонгон эмес», — деген маалымат алганын жазып чыкты активист.

Окуя Ош облусунун Араван районунда болгону айтылууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз катчысы Атыра Бекмурзаева жол кырсыгы боюнча маалыматты «Клоопко» ырастаган жок, бирок маалымат текшерилип жатканын билдирди.

«Биз бул окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Учурда окуянын чоо-жайы тууралуу маалыматыбыз жок», — деди Бекмурзаева.