Бишкек менен Ошто электрондук патент берүү системасы киргизилмекчи

Патент. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Өкмөт пилоттук тартипте Бишкек менен Ошто электрондук патент берүү системасын киргизүүнү пландап жатат. Мындай патент алуу үчүн жарандар электрондук санарип кол белгиге ээ болушу керек.

Экономика министрлиги Бишкек жана Ош шаарларында электрондук патент берүү системасын тестирлөө боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документке ылайык, электрондук патенттерди 2018-жылдын 1-апрелинен тарта 30-июнуна чейин берүү пландалууда.

Маморгандар мындай тажрыйбаны учурдагы патент берүү тартиби жарандардын «көп убактысын» алып жатканы үчүн киргизүүнү пландашууда.

«Салык төлөөчүлөрдүн патентти интернет аркылуу алуу мүмкүнчүлүктөрү жок, бирок салыктарды тыштан төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Патент алуу үчүн алар патент берүү түйүнүнө келип, кезекте туруп жана башка нерселер менен алектенүүгө аргасыз болушууда», — деп айтылат негиздеме катта.

Электрондук патент алуу үчүн жаран электрондук санарип кол белгисин жасатышы керек.

Документте электрондук патент берүү боюнча программалык камсыздоону түзүүгө 4,7 млн сом талап кылынат деп жазылган.

Токтом долбоорунун авторлору иштелме менен электрондук патентти киргизүүнү эл аралык донорлор каржылайт деп көрсөтүшүүдө.

Патент — юридикалык жакты каттатпастан эле жарандарга чакан ишкерлик жүргүзүгө шарт түзгөн документ. Мындан тышкары, патент кыргызстандыктарга компанияларда эмгек келишимин түзбөй эле иштөөгө мүмкүндүк берет.

Кыргызстандыктар патент сатып алуу менен киреше салыгы катарында бекитилген өлчөмдөгү акча төлөйт. Төлөмдөрдүн жарымы Социалдык фондго кетет.

Учурда жарандар патентти ай сайын узартып туруулары керек, анын баасы ишмердиктин түрүнө жараша болот.