«Хуавэй» жолдорго алгачкы камераларды январдын аягына чейин орнотот

Иллюстративдик сүрөт

Кытайдын «Хуавей» компаниясы алгачкы байкоо камераларын Бишкек менен Ош шаарларынын жолдоруна январдын аягына чейин орнотот. Бул «Акылдуу шаар» долбоорунун фото жана видео байкоо системасын сыноо түрүндө ишке киргизүү болот.

Кыргызстандын Инвестицияларды илгерлетүү боюнча агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов «Азаттык» үналгысына «Хуавей» менен сыноо түрүндөгү жумуштун бринчи жыйынтыктары январдын аягында көрсөтүлөөрү жөнүндө айтты.

Анын айтымында, компания сыноо видокамераларын Бишкек менен Ош шаарында орнотот. Жалпысынан камералар төрт кесилишке орнотулат, бирок ал кайсыл кесилиштер экенин ачыктаган жок.

«Чындыгында эл аралык эң жакшы тажрыйбаны алып туруп ушундай шарттарды алганга аракет кылдык. Мөөнөтү 1,5 жыл, бирок биз "1 жылда бүтүрүп бергиле" деп суранып жатабыз. Ошого да макул болуп жатышат. Бул кыргыз-кытай мамилесиндеги маанилүү долбоор. Ошондуктан Кытай мамлекети дагы бул долбоорду колдоп жатат. Бул боюнча өтө көп сүйлөшүү жүргүздүк. Анткени долбоор токтоп калбашы керек», — деди Момункулов «Азаттык» үналгысына.  

Ал «Хуавей» Кыргызстандын жолдорунда камераларды орнотуп бүткөндөн кийин системаны башкарууну «Инфоком» мамлекеттик ишканасына өткөрүп бере турганын кошумчалады.


ТЕМА БОЮНЧА: