Кыргызстан мал чарбасын өнүктүрүүгө 25 млн доллардан ашуун каражат алат

Мал жайыт. Сүрөт: «Спутник»

Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду Кыргызстанда мал чарбасын өнүктүрүүгө 25,4 млн доллар бөлөт. Өлкөгө бул каражаттын жарымы 40 жылга насыя катары берилет.

Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (IFAD) Кыргызстанда мал чарбасын колдоого алат.

Өлкө парламенти 2017-жылдын 21-августунда Айыл чарба министрлиги менен фонддун ортосунда кол коюлган келишимди ратификациялашы керек.

IFAD долбоорго бөлгөн каражат 2021-жылга чейин созулат.

IFAD бөлгөн каражаттын ичинен 12,7 млн доллары насыя, аны Кыргызстан төлөө мөөнөтүн 10 жылга чейин жылдыруусун кошуп, 40 жыл төлөйт. Насыянын жылдык пайыздык чени — 0,75 %.

Каражатты жайыт коомчулугунун кирешелерин көбөйтүүгө жана алардын өндүрүмдөрүн сатууда малчыларга жардам берүүгө сарптоо пландалууда.

Долбоор аягына чыккандан кийин дыйкандардын продукцияларынын баасы 30 пайызга жогорулап, 2800 иш оруну түзүлүп, ошондой эле, айыл чарба ишканаларынын санынын өсүшү күтүлүүдө.

IFAD — өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү калктын кедей топторунун турмуш шартын жакшыртуу жана азыктардын өндүрүмүн көбөйтүү менен алектенген БУУнун атайын адистештирилген мекемеси.