Милиция кызды көтөрүп чапкан баланы тапты

Видеодон скриншот

Милиция тасмада кызды жерге көтөрүп чапкан баланы тапты. Окуя Талас шаарында болгон, баланын жашы 17де, ал эми кыздыкы 15те болгон. Жаш жигит милицияга каттоого алынды.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, милиция кызды көтөрүп чапкан баланы тапты. Окуя Таластагы Чыңгыз Айтматов аллеясында жүз берген.

Видеонун каармандарын жашы жете электер менен иш алып барган инспекторлор табышкан. Жашы жете элек өспүрүмдөр шаардын билим берүү жайларынын биринде окушат, бирок тагыраак кайсы окуу жай экени ачыкталган эмес.

«Ал бала Таластын тургуну болуп чыкты, жашы жете элек бала үч айдан кийин 18 жашка чыгат. Ал көтөрүп чапкан кыз 2002-жылы төрөлгөн», — деп айтылат мекенин маалыматында.

Болуп жаткан окуянын баарын алардын группалашы тарткан. Кыз жабыркаган эмес жана дооматы жок экенин айткан.

Бирок ага карабастан инспекторлор өспүрүмдөрдүн жана видеого тарткан оператордун ата-энелерин түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Кызды жерге көтөрүп чапкан бала жашы жете электер боюнча инспекцияга каттоого алынды.

Милиция окуяны видео «omks_video» барагынын инстаграмына жарыя болгондон кийин текшере баштаган. Видео 9-январда жайгаштырылып, 215 миң жолу көрүлгөн.