Сот Караколдо мушташка катышкандарга штраф салды

Сүрөт байкоо камерасынан скриншот

Караколдо лыжаларды ижарага берүү түйүндөрүнүн биринде кызматкерлер менен кардарлардын ортосунда мушташ чыгып кеткен. Сот уруштун ар бир катышуучусуна 1500 сомдон айып пул салып, сегиз сааттык коомдук иштерге тартты.

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдагандай, Каракол соту уруштун бардык катышуучусун «бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

«Мушташтын катышуучуларына 1,5 миң сом өлчөмүндө штраф салынды, ошондой эле алар сегиз саатка коомдук иштерге тартылышат», — деп айтылат соттун токтомунда.

Мурдараак эркек балдардын ортосундагы мушташ Каракол милиция бөлүмүнүн жанында болгону боюнча маалымат чыккан. Бирок ИИМ бул маалыматты четке кагып, милиция бөлүмү мурда окуя болгон жерге жакын жайгашкан болчу деп билдирген.

Милициянын маалыматына ылайык, мушташ 5-январда болгон, бирок видео интернетте 11-январь күнү гана пайда болгон.

Тасмадан алты бала лыжа берүү түйүнүнүн жанында мушташып жатканын көрүүгө болот.

«Тааныштарымдын бири лыжа таягын сындырып алган. Кечинде кайтып келгенде лыжа берүү бөлүмүнүн кызматкерлери штраф төлөөнү же таякты кайтарууну талап кылышкан. Ошол үчүн түшүнбөстүктөр болуп, мушташ чыгып кетти», — деди окуянын катышуучуларынын бири.

Уруштан кийин дүкөндүн кызматкерлери менен кардарлар элдешип, дүкөнгө келтирилген чыгымдын орду толтурулган.