Ысык-Көл облусу: «Осьминог» ресторанынын кожоюнун опузалоого шектүүлөр кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Милиция Ысык-Көл облусунун Бостери айлында Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) эки мүчөсүн кармады. Алар өрттөнүп кеткен «Осьминог» ресторанынын кожоюнун опузалоого шектелип жатышат.

Ысык-Көл ОИБнен «Клооптун» кабарчысына маалымдашкандай, кармалгандар ресторандын кожоюнун кысымга алууга жана опузалоого шектелишүүдө. Тергөө алар чындыгында эле ресторанды өрттөөгө тийиштиктери бар же жогун аныктап жатат.

Шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда курал-жарактар жана баңгизаттар табылган. Милиция «Курал-жарактарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалгандар Убактылуу камоо изоляторуна (УКИ) жайгаштырылды.

Кармалгандардын экөөсү тең УКТнын мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турушат.


ТЕМА БОЮНЧА: