1-январдан тарта абоненттерге мобилдик операторду которууда телефондун номерин сактап калууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам күчүнө кирди. Бирок жаңы эрежеге өкмөт дагы, айрым байланыш операторлору дагы даяр эмес болуп чыгышты.

«Мобилдик кулчулукту» жокко чыгаруу боюнча мыйзам 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирди. Өзгөртүүлөргө ылайык, абоненттер башка байланыш операторуна өткүсү келсе өздөрүнүн телефон номерлерин сактап кала алышат.

Жалпысынан Кыргызстанда үч ири байланыш оператору бар. Алар бүткүл өлкөнүн аймагын камтыган «Билайн», «Мегаком» жана «О!» компаниялары.

«Мегакомдун» өкүлүнүн маалыматына ылайык, компания азырынча техникалык жактан жаңы эрежелерге даяр эмес.

«Азрынча номердин сакталып калуусу жөнүндө жобо бекитиле электигине байланыштуу копмлектация боюнча кандай жабдыктар талап кылынаары жөнүндө айтуу кыйын», — деп билдирди «Мегакомдун» өкүлү «Клооптун» кабарчысына.

Ал эми «Билайн» оператору жабдыктарды сатып алганын жана «техникалык жактан мыйзамды аткарууга даяр» экенин билдирди. Компаниянын маалыматына ылайык, алар керектүү техниканы алууга 500 миң АКШ долларын жумшашкан.

«Биз "Билайндын" абонеттеринин MNP (STP) номерлеринин сакталуучулугун ишке ашыруу үчүн керектүү жабдыктарды эбак эле сатып алганбыз, биз ага жарым миллион доллар жумшадык. Бирок учурда мурдагы номерди сактап калуу менен байланыш операторун алмаштыруу мүмкүн эмес», — деп маалымдады компания.

«О!» оператору комментарий берүүдөн баш тартты.

Жобо жок, бирдиктүү база жок

Эки компания тең — «Мегаком» дагы «Билайн» дагы — мыйзамдын кабыл алынганына карабастан учурда өкмөттүн жобосу жок экенин айтышууда. Анда мыйзамдын ишке ашырылышынын принциптери менен техникалык жол-жоболору жазылышы керек.

«Кыргызстандын аймагында номерлердин сакталуучулугунун башка жалпы шарттары, уюштуруу, киргизүү жана ишке ашыруу принциптери өкмөт тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген номерлердин сакталуучулугу жөнүндө өзүнчө жобо менен белгиленет», — деп билдиришти «Мегакомдон».

Мыйзамды аткаруунун мөөнөтүн жылдыруунун себеби — номерлердин сакталуучулугунун бирдиктүү маалымат базасынын жоктугу. Бул базада Кыргызстандын аймагында иштеген бардык уюлдук компаниялардын номерлери болушу керек.

«Мегаком» өзүнүн расмий кайрылуусунда өкмөт базаны администрациялоо менен алектене турган компанияны таба электигин жана азырынча жабдыктар менен программалык камсыздоолорду сатып ала электигин айтууда.

«Билайн» бул базанын администратор-компаниясы көзкарандысыз жана кайсы бир операторлор менен байланыштуу болбошу керек деп көшөрүүдө.

«Аталган камсыздоочуну издөө менен Мамлекеттик байланыш агенттиги алектениши керек жана камсыздоочунун акыркы чечими белгилүү болоору менен биз дароо эле өзүбүздүн тутумдарды иштеп бүтүрүүнү баштап, борборлоштурулган база менен интеграциялоого киришебиз», — деп жазууда «Билайн».

Мамлекеттик байланыш агенттиги жумушчу топ түздү

Мамлекеттик байланыш агенттигинин басма сөз катчысы Албина Туратбекова «Клооптун» кабарчысына мекеме «номерлердин сакталуучулук кызматын натыйжалуу киргизүү максатында» жумушчу топ түзгөнүн кабарлады.

Туратбекованын айтымында, Мамлекеттик байланыш агенттиги өкмөттөн мыйзамдын күчүнө кире турган мөөнөтүн жылдырууну өтүнгөн. Себеп дегенде «мобилдик кулчулукту» жокко чыгаруу үчүн 1,5 жылдан 4,5 жылга чейин убакыт талап кылынат.

«Номерлердин сакталуучулук мөөнөттөрүн байланыш операторлору менен бардык сыноо иштерин өткөрүүдөн кийин жана тутумдар ишке киргизилишине толук даяр болгондо белгилөө керек», — деп билдирди басма сөз катчы.

«Мобилдик кулчулукту» жокко чыгаруу жөнүндө мыйзам 2015-жылы кабыл алынган, бирок аны аткаруу мөөнөттөрү ар кандай себептер менен жылдырылып келген.

Мобилдик операторду алмаштырууда номерди сактап калуу мүмкүнчүлүгүн абонеттерге 2000-жылдары эле дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө сунуштай башташкан.

«Мобилдик кулчулукту» жокко чыгаруунун маңызы операторлор абонеттер үчүн күрөшүүсү жана өздөрүнүн кызматтарынын сапатын жакшыртуусу кажет экенинде жатат.