HRW: Президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулган, ал эми медиа эркиндигинин абалы начарлады

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюмунун укук коргоочулары административдик ресурс менен добуштарды сатып алуу колдонулганын белгилеп, өткөн президенттик шайлоону «канааттандыраарлык уюштурулган» деп аташты. Уюмдун эксперттеринин айтымында, бийликтин ЖМКларга каршы көптөгөн арыздары «медиа эркиндигинин абалын начарланткан».

Президенттик шайлоо

Укук коргоочулар өткөн президенттик шайлоону «аттандыштык менен жана канааттандыраарлык уюштурулган» деп аташты. Ага карабастан, алар бийлик добуштарды сатып алуу менен административдик ресурс колдонгонун жана шайлоочуларга кысым көрсөтүлгөнүн белгилешти.

«Шайлоо алдында бийлик Бишкектин борборунда ачык иш-чараларга тыюу салып, жергиликтүү байкоочулардын ишмердигине чектөөлөрдү киргизди: негизинен ар бир шайлоо участкасында өкмөттүк эмес тармактын бирден гана байкоочулары болуусуна уруксат берилген», — деп айтылат баяндамада.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөн. Анда бийликчил КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков жеңишке жеткен.

Жергиликтүү укук коргоочулар, эл аралык байкоочулар жана Жээнбековдун башкы атаандашы Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү административдик ресурс колдонулуп жатканы боюнча билдиришкен.

Бирок учурдагы президент дагы, өлкө башчылыгына бийликчил талапкер дагы бул эреже бузууларды таанышкан жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) эки мүчөсү эреже бузуулардын айынан шайлоо тийштүү нукта өткөнү боюнча протоколго кол койгонду каалашкан эмес. Ал эми БШКнын калган 10 мүчөсү шайлоо таза өткөнүн таанып, протоколго макул эмес кесиптештеринин өзгөчө пикирин камтышкан.

Натыйжада Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда расмий президент болуп калды, ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликчил КСДП партиясын жетектемекчи болуп турат.

Эркин пикир билдирүү

Укук коргоочулар бийликтин ЖМКларга жана айрым журналисттерге каршы көптөгөн арыздарын белгилешти.

«Медиа эркиндигинин абалы начарлаганы байкалган. Башкы прокуратура тарабынан сын айткан маанайдагы ЖМКларга каршы көп миллиондук арыздар тагылган», — деп айтылат отчётто.

Негизинен укук коргоочулар мисалга ошол учурда президент болуп турган Алмазбек Атамбаевдин «Заноза» басылмасына каршы көп миллиондук беш арызын мисал кылган. Арыздар боюнча жоопкерлер болуп басылманын түзүүчүлөрү Дина Маслова жана Нарын Айып, ошондой эле, укук коргоочу Чолпон Жакупова өтүүдө.

Жогорку сот басылма менен жоопкерлерди күнөөлүү деп таап, аларды Атамбаевге 30 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Сот Маслова, Айып жана Жакуповага Атамбаевге карызды бөлүп төлөп турууга тыюу салган.

15-январда Атамбаевдин өкүлү Жакупова менен Айыптын мүлкүн сатыкка чыгарууну талап кылган. Жакупованын Ысык-Көлдөгү дачасы, ал эми Айыптын карамагындагы батирдин ⅓ бөлүгү сатыкка чыгарылган.

Атамбаев ЖМКларга каршы арыз берген жалгыз саясатчы эмес. Анын президенттик кызматтагы орун басары Сооронбай Жээнбеков дагы сотко кайрылган. Ал «24.kg» менен мурдагы депутат Кабай Карабековго каршы арыз берген.

Арыз берүүгө Карабековдун басылманын сайтында жарыяланган макаласы себеп болгон. Карабеков өзүнүн макаласында «...Жээнбековдун бир туугандарынын радикал араб уюмдары менен болгон ыктымал тыгыз байланышы» жөнүндө жазган. Макала басылманын сайтына 2017-жылдын 11-сентябрында жарык көргөн.

Жээнбеков жалган-жалаа үчүн басылма менен автордон 10 млн сом талап кылган. 2017-жылдын 22-декабрында Карабеков менен «24.kg» Бишкек шаардык сотунда Жээнбековго уттуруп коюшкан.

Мындан тышкары 2017-жылдын августунда сот «Сентябрь» телеканалын жабууну токтом кылган. Телеканал «экстремисттик контентти» чагылдыруу боюнча күнөөлүү деп табылган. Аталган каналды Атамбаевди сындаган оппозиционер Өмүрбек Текебаев менен байланыштырышууда.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, телеканал Ош облустук ИИБдин мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун эфир учурунда Кыргызстанда өзбек туусу менен өзбек гимни ойнолгону «болбошу керектигин» жарыялаганын чагылдырган.

Капаров 2014-жылы Ош облусунун Араван районундагы «Маткасым» мектебинин 90 жылдык мааракесин майрамдоо учурунда тургундар Өзбекстандын гимнин угуп, өзбек туусун колдоруна кармап желбиретишкенин айткан.

Кийинчерээк Капаров 2017-жылдын 21-июнунда «коомдун алдында конституциялык түзүмдү күч колдонуп өзгөртүүгө үндөгөнү» боюнча 4 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал өз күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Учурда телеканал өз ишин интернетте улантууда жана ал «Жалбырак ТВ» деп аталат.