Экономика министрлиги: «Акылдуу шаар» үчүн абоненттик төлөм алынбайт

«24.kg» басылмасы «Акылдуу шаар» үчүн жарандардан ай сайын 25 сомдон абоненттик төлөм алынып тураарын маалымдады. Экономика министрлигинен бул маалыматты «сандырак» деп аташты.

Экономика министригинин адындагы инвестицияларды илгерлетүү боюнча агенттигинин башчысынын орун басары Адилбек уулу Шумкарбек «Клооптун» кабарчысы менен маектешүүдө «Акылдуу шаар» үчүн абоненттик төлөм жөнүндө маалыматты «сандырак» деп атады.

«Долбоор боюнча камералар акысыз орнотулат. Бирок абоненттик төлөм жөнүндө бир да сөз болгон жок. Инвестициянын орду жол кыймылындагы эреже бузуулар боюнча түшкөн штрафтар аркылуу тургузулат», — деди ал.

«24.kg» басылмасы билдиргендей, Бишкектин Гоголь көчөсүндө «Акылдуу шаардын» кызматы үчүн 25 сомдон абонеттик төлөм чогултула баштаганы жөнүндө жарыя пайда болгон.

«Акылдуу шаар» үчүн төлөм чогултуу жөнүндө жарыя. Сүрөт: 24.kg

«Мамлекет камераларды акысыз орнотот. Бирок ай сайын абонеттик төлөм 25 сомду түзөт», — деп айтылат жарыяда.

Жарыянын текстинде акчаны ай сайын домкомго берип туруу кажет деп айтылат, бирок акча чогултууга жооптуу адамдын аты аталган эмес.

Өкмөт 11-январда Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жол кыймылынын эрежелерин бузгандарды аныктоо үчүн камераларды орното турган Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен келишим түзгөн.

«Хуавэй» алгачкы камераларды январдын аягына чейин Бишкек менен Оштун төрт кесилишине орнотот. Мурдараак премьер-министр Сапар Исаков инвесторлор долбоорго салган акча штрафтар аркылуу кайтарыла турганын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: