ИИМ: «Гараж 312» түнкү клубунун кызматкерлери баңгизат таратышкан

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, «Гараж 312» түнкү клубунун кызматкерлери кардарларга баңгизат таратышкан. ИИМдин кызматкерлери клубдун арт-алып баруучусунан, эки барменден жана официанттан баңгизаттарды алышкан.

ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча кызматы билдиргендей, түнкү клубдун кызматкерлери «кардарлардын арасында психотроптук жана баңгизат каражаттарын жайылтуу менен алектенишкен». Тергөө аталган жайдын кардарлары сатып алган же өздөрү алып келген баңгизаттарды клубдун ажатканасында колдонушкан деп эсептейт.

«Клубдун "Миша-оргазм" каймана аттуу арт-алып баруучусу кечелерди өткөрүүдө кардаралардын арасында спирт ичимдиктерин жана баңгизат каражаттарын колдонууга жигердүү үгүт жүргүзгөн. Ошондой эле "Миша-оргазм" баңгиаттарды сатууга өзүнүн клубдагы кесиптештерин тарткан», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын жумушчулары клубдун ээлерин, арт-алып баруучусун, официантты жана эки барменди кармаган.

«Арт-алып баруучу, бармен менен официанттан, ИИМдин Криминологиялык башкармалыгынын экспертеринин корутундусуна ылайык, психотроптук заттар жана баңгизат каражаттары деп таанылган заттар алынган», — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин маалыматына ылайык, түнкү клубда 4,7 грамм гашиш менен кыргызстандык кармалган. Мындан тышкары, клубда баңгизаттарды колдонууга ылайыкталган буюмдар алынган.

Ыкчам кызматкерлер Респубикалык наркология борборуна күбөлөндүрүрүү максатында 32 адамды жөнөткөн. Алардын төртөөсү баңгизаттын таасиринде болгону тастыкталган.

Республикалык наркологиялык борборунун даарылоо иштери боюнча директорунун орун басары Татьяна Борисова «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, алар марихуана колдонушкан.

«Биз кармалгандар марихуананы клубда колдонушкан же колдонушпаганын айта албайбыз», — деди Борисова.

Милиция «Баңгизаттарды мыйзамсыз жасоо, сатуу» жана «Баңгизаттарды колдонуу үчүн көмүскө жайларды камсыздоо же уюштуруу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызмат 21-январда түнкү клубда тинтүү жүргүзүп, 50 кишини кармаган.