Нидерланддардын борборунун чок ортосунда башкы каналдардын биринде — Принсенграхтта — Кыргызстандын буюмдарын саткан дүкөн жайгашкан. Шырдактар, килемдер, жасалгалар, улуттук кийимдер менен жада калса боз үйлөрдү бул жерде голландиялык Марианна Тюрлингс 15 жылдан бери сатып келет. Ал бир кезде Кыргызстанды сүйүп калып, ага өзүнүн бүтүндөй өмүрүн байланыштырган. Ушунчалык сүйгөндүктөн, анын Нидерланддардагы ардактуу элчиси болуп калган. Өз дүкөнүн ал «Шырдак» деп атап алган.
Бул жердин эшигин ачуу менен Борбор Азияга түшүп калгандай болосуң: дароо эле кийиздин жыты сезилет. Шырдактар жер менен дубалдын көркүн ачып, түрмөктөлүп дубалдын жанында турат. Ошол эле жерде боз үйдүн жыгач каркасы орун алган.
Биринчи кабатта Марианна толугу менен көрүп, орнаментти суктанып карашы үчүн кардарларга килемдерди жерге төшөгөнгө жардам берет.
Экинчи кабатта кыргыздардын, өзбектердин жана тажиктердин улуттук кийимдери коюлган. Айнектен жасалган текчелерде кардарларды кийизден жасалган оюнчук төөлөр, аттар, элечек кийген кичинекей апалар менен калпакчан аталар карап турушат. Өзүнчө бөлүмчөдө Кыргызстанда табууга мүмкүн болгон чыныгы күмүш менен баалуу таштардан жасалган чоң шурулар, билериктер жана сөйкөлөр сыяктуу зер бюмдар бар.
Улуттук оймо-чиймелери бар ала-була товарлар дүкөндүн дубалдарына төп келишкен. Үй-бүлө курган түгөйлөр бул жакка интерьер, декор үчүн килемдерди жана башка буюмдарды издеп келишет. Ал эми жаш кыздар чыгыш мотивиндеги пижактар менен жибектен жасалган моюн орогучтарды тагынып көрүшөт. Бүткүл дүйнө жүзүнүн туристтери бул жерде ар бурчту сүрөткө тартып, дүкөндүн ээсинен бизнесинин тарыхы жөнүндө сурашат. Марианна кубануу менен ар бир кардарга дүкөндүн тарыхын айтып берет.
Кездемелер тил сыяктуу
Алгачкы жолу Марианна Борбор Азиянын буюмдарын Пакистанда борбор азиялык көчмөн уруулары менен таанышкандан кийин 1999-жылы эле көрүп калган.
«Алар кездемелердин өзгөчө тили аркылуу сүйлөшүшкөн», — деп эстеди ал. Марианна кездемелерди дайыма сүйүп, аны көчмөндөрдүн буюмдарынын түзүлүшү, системалуулугу жана ар түрдүүлүгү таң калтырган.
Марианна Перс килемдерин саткан дүкөндө иштеп жүргөн Голландияга кайтып келип көчмөн элдеринин кооздуктарын, тикмелерин жана улуттук костюмдарын изилдей баштаган. Кийинчерээк ал буюмду күйөөсү бар аял же жесир аял жасаган же жасабагын, ал кайсыл урууга таандык экенин, коомчулукта анын макамы кандай жана ал кайсыл аймактан экенин аныктай алган.
Бир кезде ал Лондондо Борбор Азиянын кездемелер көргөзмөсүнө баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал жакта Марианна сатыкка чыгаруу үчүн алгачкы бир нече кыргыз өндүрүмдөрүн сатып эле албастан, келечектеги президент Роза Отунбаева менен да таанышканга үлгүргөн. Ал кезде Отунбаева Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болчу. Бир нече айдан соң Марианна «Шайтан алгырдыкы! Мен өзүм деле Кыргызстанга бара алам да» деп алыскы тоолуу өлкөгө сапар тарткан.
«Шырдакка» карай жол
«Бул жерде таптакыр кофе жок!» деп эстейт Марианна өзүнүн алгачкы Кыргызстан жөнүндө сезимин.
Ал 2001-жылы биринчи жолу Бишкекке келгенде жаш республика өзүнүн эгемендигинин он жылдыгын белгилеп жаткан. Марианна Кыргызстан өзүнүн кызыктуу жана позитивдүү маанайы менен таң калтырды деп эстеди. Элдердин келечекке, демократияга, өнүгүүгө жана эркиндикке үмүтү чоң болчу.
«Кыргызстандыктардын европалыктардан эң башкы айрымасы — бул адамдардын жашоо философиясы менен мүнөзү. Кыргызстанда адамдар жашоого жыргап, учурдан ырахат алганды билишет», — дейт ал.
Анын айтымында, европалыктар пландап, ар бир мүнөттү алдын ала эсептеп, бир гана келечекке албууттанып, шашып өмүр сүрүшөт. Бул көпчүлүгүн депрессия кылып, күйгүзүп салат. Бай жана кооз жаратылыштын кучагында жашаган Кыргызстанда адамдар эмнеси болсо ошого шүгүрчүлүк келтирип, ырахаттанып жашаганды билишет.
«Албетте, ишкерликте ийгиликке жетишүү үчүн, бардык нерсени эсептей билүү керек — өзгөчө убакытты. Бирок азыр жана ушул жерде жашоо дагы манилүү, керектүү», — деп ой толгоду Марианна.
Ал кезде Кыргызстанда ресторандар аз жана болгону бир-эки отель бар болгон деп эскерди ал. «Хаяттагы» номерлер абдан кымбат болчу, ошондуктан ал жергиликтүү достору таап берген батирди ижарага алып жашаган.
Кыргызстан Марианнанын эсинде жалаң гана жакшы жагы менен эсинде калган. Бул жерде ал алгачкы жолу атты цирктегиден да жакын аралыктан көрүп, жада калса ага минип, бастырганга дагы үлгүргөн. Бул анын бала чактагы кезинен берки кыялы болчу, бирок ата-энелери бул абдан кооптуу жана кымбат деп ойлошкон.
«Мен ат миндим! Ооба, кайсы жакта болмок эле? Тоолордун арасында! Көзүң көргөн жерге барып, каалашыңча минип жүрүүгө болгон жерде. Эч кандай тосмо же чектөөлөр жок!» — деп кубанычка толгон көздөрү менен дүкөндүн ичин жаңыртты ал.
Шырдактарды чоң көлөмдө сатып алгандан кийин ал Голландияга кайтып келип, эки жыл Борбор Азия, көчмөн элдердин маданияты, кездеме буюмдары жана алардын жасалышы жөнүндө лекцияларды өткөргөн.
Бир жылдан кийин Марианна «Шырдактын» урматына арнап, Амстердамда өзүнүн алгачкы дүкөнүн ачкан.
Бул Марианнаны Кыргызстан менен тыгыз байланыштырган жашоосундагы кийинки бөлүмдүн башталышы болуп калган.
Ардактуу элчи
«Менин Чыңгыз Айтматов менен түшкөн сүрөтүм бар!» — деп эстеп кетти Марианна бир кезде өз тарыхынан алдыга чуркап.
Анын дүкөнү жөнүндө билип калган Кыргызстандын Бенилюкс (Бельгия, Нидерланддар жана Люксембург) өлкөлөрүндөгү элчиликтин кызматкери Марианнадан имаратты «жоогазын» революциясынын бир жылдыгына карата жасалгалап берүүнү суранган.
Ал кезде бул өлкөлөрдө Чыңгыз Айтматов элчи болуп турган. Анын командасы Марианнага Кыргызстандын Голландиядагы өкүлү болууну сунуштаган. Эки жылдан кийин бардык керектүү документтер даяр болгон. Ошентип ал алты жылдан ашуун Кыргызстандын Нидерланддагы ардактуу элчиси болуп калган.
«Бул унутулгус тажрыйба болгон. Мен Кыргызстандан бул жакка келген бардык жарандарды байланыштырып турган өкүл болгом, аларга тийиштүү жардамдарды, окуу жана стипендия сыяктуу документтер жөнүндө маалыматтарды берип тургам», — деп эскерди ошо кезди ал.
Марианна жыл сайын жайкы мезгилдерде Кыргызстанга келип турат, бирок жалгыз эмес. Ал Европадан туристттердин тобун чогултуп келип, аларга кездеме кол өнөрү менен тааныштырган турларды уюштурат. Бул саякат өзүнө боз үйдө жашоону, бир нече кыргыз шаарларын кыдырууну, атка минүүнү жана Кыргызстандын салты менен тааныштырууну камтыйт.
«Шырдактын» келечеги
Учурда Марианна Индиянын өндүрүмдөрүн көбүрөөк сата баштады. Эң башкысы экономикалык себептен улам. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин өндүрүмдөрдү экспортко чыгаруунун баасы кыйла өсүп кеткен.
«Ушул 15 жыл аралыгында мен биринчи жолу буюмдарды өз баасында сатып атам, — дейт ал бааларды көрсөтүү менен. — Мен учурда өзүмдүн дүкөнүм жападан-жалгыз экенин тап-так билем. Эч ким шырдактарды сатып албайт жана алып келбейт, анткени ал киреше алып келбейт. Шырдак абдан ишенимсиз өндүрүм болуп калды».
Ушул кризистин айынан Марианна өз дүкөнүн Амстердамдан ары 20 мүнөттүк жолдо жайгашкан кичи мекени Утрехтке көчүрүүнү чечкен. Ал дүкөндү тап-такыр эле жаап салууну каалабайт.
«Бул менин кадырлаган эмгегим да, — деп түшүндүрдү ал. — Ушул 15 жыл ичинде мен өлкөнү, анын жаратылышын жана эң башкысы элин абдан жакшы көрүп калдым. Жагымдуу окуялар абдан көп болду. Мен бул саякаттар жөнүндө китеп же эскерүү жазып калышым мүмкүн. Мен дайыма Кыргызстанга кайтып барып турам».