Беловодск айылынын аткаминерин токмоктогон депутатка каршы кылмыш иши козголду

Милиция Чүй облусундагы Беловодск айылдык кеңешинин депутаты Сейитбек Надырбековго карата кылмыш ишин козгоду. 2017-декабрынын аягында ал айыл өкмөтүнүн орун басары Советбек Орозалиевди чыкыйга чаап таштаган.

Жабыркаган Советбек Орозалиев «Клооптун» кабарчысына курган маегинде, ага кол көтөргөн депутатка каршы «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун тастыктады.

«Ооба, учурда иш козголду. Мен анда ыйгарым укуктарымды аткарып жаткан учур болчу. Соттун бардык отурумдарына барам, аягына чейин», — деди Орозалиев.

«24.kg» басылмасына депутат Надырбековго карата кылмыш иши козголгонун Москва райондук ИИБинен тастыкташкан.

Надырбеков менен Орозалиевдин ортосундагы мушташ өткөн жылдын декабрында болгон. Жакалашууга жергиликтүү бийлик депутаттардын буйругу боюнча суу чыгаруучу мунараны карамагына албай койгондугу себеп болгон.

«Мен ал буйрукту аткарган жокмун, анткени техникалык көзөмөл жана айыл өкмөтүнүн кол белгилери менен мөөрү керек болчу. Ал эми техникалык көзөмөл кол коюп берүүдөн баш тарткан, анткени айыл өкмөттүн башчысы кол койгон эмес. Техникалык көзөмөл баш тарткандыктан айыл өкмөтү да кол коюп берген жок», — деп түшүндүргөн ошондо жабыркаган Орозалиев «Клооптун» кабарчысына курган маегинде.

Анын айтымында, Надырбеков ага корс мамиле кыла баштап, «коридордо сүйлөшүүнү» сунуштаган. Алардын ортосунда кайым айтышуу болуп, мушташка айланып кеткен.

«Ал мага басып келип, муштуму менен чыкыйга чаап салаарын күткөн эмесмин. Жаңы эле көз айнегимди чечсем, чыкыйга сокку болуп, көзүм караңгылап кетти. Дагы жакшы көз айнегимди чечип үлгүрүп калдым, антпегенде көзүмдү айнектин сыныктары кесип кетмек экен», — деп айтып берген Орозалиев.

Айыл өкмөтүнүн орун басарын токмоктоо боюнча айыпталган депутат Надырбеков азырынча бул окуяга комментарий бере элек.


ТЕМА БОЮНЧА: