Бишкек ЖЭБиндеги электр чыпкалары капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

«Электр станциялар» компаниясы Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) электр чыпкаларды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө тендер жарыялады. Оңдоо иштерин жылытуу сезонунан кийин жүргүзүү пландалууда. Бул үчүн 7 млн сомдон ашуун каражат жумшалмакчы.

«Электр станциялар» компаниясы 22-январда Бишкек ЖЭБиндеги үч жылуулук агрегатынын электр чыпкаларын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө тендер жарыялады. Оңдоо иштери 7 266 996 млн сомго бааланууда.

Компаниянын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, электр чыпкаларды оңдоодон өткөрүү жылытуу сезону бүткөндөн кийин пландалууда.

«Капиталдык оңдоо жүргүзүү кийинки кышта электр чыпкалары булгоочу заттарды чыгарбоону улантышы жана чыгындылар белгиленген чектеги концентрациядан жогору болуп кетпеши үчүн керектүү», — деди Айдаралиева.

Айдаралиеванын айтымында, электр чыпкаларды «дыкат карап жана жыл сайын оңдошот», анткени алар чоң көлөмдөгү булгоочу заттарды чыгарбай кармап турат.

Премьер-министр Сапар Исаков «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевге Бишкек шаарынын ЖЭБинин абага күлдү жана катуу бөлүкчөлөрдү бөлүп чыгаруусун төмөндөтүү менен алектенүүнү тапшырган.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, Бишкек ЖЭБи абага булгоочу заттардын 14 пайызын чыгарат. Агенттиктин маалыматы боюнча, Бишкекте абанын негизги булгоочу булагы катары автоунаалар эсептелет.


ТЕМА БОЮНЧА: