Кыргызстандыктарды ажылык сапарга каттоо башталды

Меккеге ажылык зыяраты үчүн бара турган кыргызстандыктар 23-январдан тарта өздөрү жашаган аймактагы муфтияттын бөлүмдөрүндө каттала алышат. Быйыл Сауд Арабия Кыргызстанга 5485 орун бөлгөн.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) 23-январдан тарта ажыга баргысы келген жарандарды каттай баштады. Каттоо 23-февралга чейин жүргүзүлөт.

Муфтияттын ажылык иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев 2018-жылы кыргызстандыктар үчүн ажылык сапарга 5485 орун бөлүнгөнүн «Клоопко» маалымдады. Бул былтыркыга салыштырмалуу миңдей орунга көп.

Абдылдаев билдиргендей, быйыл ажылык зыяратына катталуу бир гана биометрикалык паспорт менен жүргүзүлөт. Ал үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы менен атайын келишим түзүлүп, электрондук каттоо киргизилмекчи.

«Ажылык сапарга биометрикалык паспорт менен каттоо жүргүзүлөөрү тууралуу муфтият үч ай мурда билдирген. Ал эми биометрикалык паспоттору жоктор кийинки жылы аракет кылып көрсө болот», — деди Абдылдаев.

Ажылыкка баргысы келген атуулдар үчүн республика боюнча муфтияттын шаар жана район борборлорунда 32 каттоо жайы ачылат.

Андан тышкар зыяратчыларды ажылыкка алып барып келүү үчүн авиакомпаниялар арасында тендер жарыяланат. Анын жыйынтыгы 13-февралда чыгарылат. Ал эми зыяратчылардын кийимин тиге турган компаниялар да тендер менен 21-февралда аныкталмакчы.

«Жалпы ажылыктын наркы тактала элек. Себеби авиакомпанияга, кийим тигүү жана эмдөө боюнча жаңы эле тендер жарыяланып жатат. Ошол баалар такталып бүткөндөн кийин ажылык наркынын жыйынтыгы чыгарылат», — деп белгиледи Абдылдаев.

Зыяратчылар Меккеге болжолдуу 26-июлдан тарта сапар алаары күтүлүүдө.

Сапарга катталгысы келгендер төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

  1. Биометрикалык паспорттун көчүрмөсү;
  2. Чет өлкөгө чыга турган паспорттун көчүрмөсү;
  3. 3/4 өлчөмүндөгү төрт сүрөт;
  4. Жашаган жеринен маалымкат;
  5. 086 медициналык аныктама;
  6. 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү алдын ала төлөмдүн дүмүрчөгү (РСК банкына төлөнөт)
  7. 1000 сом өлчөмүндөгү кайтарымсыз каражаттын дүмүрчөгү (РСК банкына төлөнөт)