Дарья Удалованын Kloop.kg үчүн иллюстрациясы

Эскертүү: Бул материал баңгизат менен байланыштуу кылмыш жасоого шектелүүдө кармоонун укук процесстери жөнүндө айтып берет. «Клооп» менен «Прецедент» компаниясы тыюу салынган баңгизат каржаттарын колдонууну кеңеш кылып же пропагандалабайт.


Эмне болду?


Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызмат 21-январда Бишкектин «Гараж 312» түнкү клубунда тинтүү жүргүзгөн. Милиционерлер 50дөй адамды кармап, анын ичинен 32си Респубикалык наркология борборуна күбөлөндүрүрүү үчүн жөнөтүлгөн. Текшерүү алардын төртөөсү баңгизаттын таасиринде болгонун көрсөткөн.

Мындай атайын операцияны милиция сиз досторуңуз менен барганды жакшы көргөн бардык эс алуу жайында өткөрүшү мүмкүн. Ошондуктан «Прецедент» компаниясынын юристтеринин эгерде атайын операция сиз эс алып жаткан жайда болуп жатса өзүңүздү кандай алып жүрүү керектиги жөнүндө сунуштамасын окуп көрүңүз.


Түнкү клубга милиционерлер кирип келип, бардыгын кармай баштады. Өзүңдү кандай алып жүрүү зарыл?

Тынчтыкты сактап, каршылык көрсөтпөй, чагымга алдырбай жана милиция кызматкерлеринин талаптарын аткаруу керек.


Милиция документ талап кылууда, ал эми мен аларды клубга алып барбайм. Эмне кылуум керек? Мен аларды көрсөткөнгө милдеттүүмүнбү?

Милиционерлер эгерде кимдир бирөнү укук бузууга шектеп жатса документ талап кылганга укуктуу. Эгерде сиздин жаныңызда документ жок болсо милиция сиздин өздүгүңүз такталмайынча кармай алат. Милиция бөлүмүндө сизди үч саатка чейин, ал эми өзгөчө учурларда 48 саатка чейин кармап турушу мүмкүн. Ошондуктан, эгерде сиздин жаныңызда документ жок болсо, эң жакшысы жакындарга чалып, аларды алып келип берүүнү сурануу.


Мени тинтүүнү каалашууда. Эмне кылам?

Эгерде жаныңызда адвокат жок болсо, калыс-күбө чакырууну талап кылыңыз. Бул көчөдө өтүп бара жаткан адамдар деле болушу мүмкүн. Милицонерлер менен келген калыс-күбөлөрдүн көзүнчө өзүңүздү тинтүүгө макул болбоңуз.


Мени бөлүмгө алып барганы жатышат. Барышым керекпи? Мени барганга мажбур кылып коё алышабы?

Барганыңыз оң, бирок милиция бөлүмүнө адвокат чакыруу керек. Милициянын бөлүмндө сиз мамлекеттик жактоочу деле талап кыла аласыз, бирок ишинимдүү болушу үчүн өзүңүздүкү болгону жакшы, анткени ал сиздин кызыкчылыкты жакшы коргойт.


Мени канымда баңгизаттын бар же жогун текшергени жатышат. Эгерде ал жок болсо, коё беребиз деп айтышууда. Алардын буга укуктары барбы жана эмненин негизинде?

Милиционерлер сизди мажбурлап текшерүүдөн өткөрө алышпайт — сиз баш тартып коюуга укуктуусуз. Эгерде милиция кызматкерлери көшөрүп же коркутушса, дароо адвокат чакырыңыз.


Эгерде мен баңгизат колдонгон болсомчу?

Канда баңгизаттын бар же жогун текшерүүдөн өтүүгө макул болбоңуз. Мыйзам боюнча бул процедура кармалган адамдын макулдугу менен өткөрүлөт. Баш тарткан учурда милиционер протоколдо сиз баш тарттыңыз деп белгилеп коёт. Бул баш тартууну кызматкерлер сизди баңгизат колдонгон адам катары каттап коюшу мүмкүн, бирок андан кийин бул нерсени адвокат менен кошо даттанып алсаңыз болот — бул учурда көптөгөн нерсе анын жумушанан көз каранды болуп калат.

Эгерде сиздин тест оң жыйнтык берсе, милиция кызматкерлери сизди каттоого алып коё алышат. Ошон үчүн кийинчерээк сиз айдоочулук күбөлүк же мисалы, курал көтөрүүгө уруксат ала албай калышыңыз мүмкүн. Кошумча жумушка орношууда кыйынчылыктар жаралып калышы ыктымал.


Менин жанымда бир аз баңгизат бар болчу. Эмне кылам?

Бул жерде сизден тагыраак эмне табылганына жана канча өлчөмдө табылганына байланыштуу болот. Мисалы, эгерде сизден 100 граммдан көп эмес кургатылган эмес же 20 грамм кургатылган марихуана табышса, сиз административдик жоопкерчиликке тартыласыз. Бул 500 сомдон 2000 сомго чейин штраф же албетте, баңгизатты тартып алуу менен беш күнгө чейин камакка алуу. Эгерде буга чейин сизден бир жылдын ичинде ушундай эле өлчөмдө марихуана табышкан болсо, анда сиз штраф менен кутулуп кете албайсыз — сизди беш күнгө камакка алышат.

Ал эми эгерде сиздин жаныңызда баңгизат көп болсо, анда кылмыш жоопкерчилигине тартылып каласыз.

Ошол эле учурда баңгизаттарды тартып алууда жана аларды андан аркы экспертизада дал ошол баңгизат каражатанын өзүн таразалаганы абдан маанилүү. Тилекке каршы, иш жүзүндө баңгизаттарга баңгиси жок аралашмаларды кошуп коюшкан учурлар кездешет: ун, саман, тамеки жана башкалар.


Кызматкерлер «дилерди салып берүүнү» талап кылышууда. Мен айтышым керекпи?

Милиция сиз баңгизатты кайдан алганыңыз боюнча маалыматты талап кылууга укуктуу. Эгерде сиз аны жашырсаңыз, анда сиз мыйзам бузган болосуз.


Мен баңгизат колдонгон жокмун, бирок досторум менин көзүмчө колдонушту. Мен үчүн кесепети кандай болот?

Мыйзам боюнча сиз колдонуу үчүн же кимдир бирөө баңгизат колдонуп жатканын көргөнүңүз үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпайсыз. Сиз болгону сактоо, таратуу, жасоо же ташуу үчүн жопкерчиликке тарта алышат. Тагыраак айтканда, эгерде тинтүүдө сизден баңгизат табылса гана кесепеттери болот.


Эгерде мен бир аз ичип алган болсомчу? Клуб да эми… Кандайдыр бир кесепеттери болушу мүмкүнбү?

Мыйзамда сиз түнкү клубда алкоголдук ичимдигин ичкениңиз үчүн эч кандай жоопкерчилик көрсөтүлгөн эмес. Мыйзам коомдук жайларда алкогол ичүүгө тыюу салат: мисалы, бакчада, аялдамада жана көп батирлүү үйдүн тепкичинде.


Кармоону камерага тартса болобу?

Мыйзам боюнча ыкчам кызматкерлерди тартууга болбойт, ал эми мындай кармоолордо алар дайыма болушат. Сиз бардык милиционерлерге видео же аудио жазма жүргүзүлүп жатканы боюнча эскертип койсоңуз болот, бирок андан кийин алар сиздин колуңуздагы түзмөктү тартып алуулары мүмкүн. Жакшысы кармоону эки түзмөккө тарткан ыңгайлуу, алардын бири катылган болот.


Мен жөндөн-жөн эле бөлүмдө бир түн өткөрдүм. Кимге арызданам?

Сизди бөлүмдө негизсиз кармашкан милиция кызматкерлеринин үстүнөн прокуратурага арыз жаза аласыз.

Сизди милициянын бөлүмүнө алып баруу пландалып жатканда эле каалабаган кесепеттерден жана милиция кызматкерлеринин өз билемчиликтеринен кутулуу үчүн кармалып жатканда дароо эле адвокат чакырганыңыз жакшы.