«Миша оргазм» «баңгизаттарды сатуу жана жасоо» үчүн эки айга тергөө изоляторуна камалды

Бишкектеги «Гараж 312» клубунун «Миша оргазм» каймана аттуу арт-алып баруучусу эки айга тергөө изоляторуна киргизилди. Андан тышкары, түнкү клубдун ээси менен эки бармени дагы эки айга камакка алынды.

ИИМдин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карина Аманкулова «Гараж 312» клубунда кармалгандардын төртөөсү 23-январда «Баңгизаттарды жасоо жана сатуу» жана «Баңгизаттарды колдонуу үчүн көмүскө жайларды камсыздоо же уюштуруу» боюнча айыпталып, эки айга тергөө изоляторуна камалганын маалымдады.

Алар түнкү клубдун ээси, эки бармен жана «Миша оргазм» каймана аттуу арт-алып баруучусу экени аныкталган.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызмат 21-январда түнкү клубда тинтүү жүргүзүп, анда 50дөн ашуун адам кармалган.

Кызматкерлер клубдун ээсин, арт-алып баруучуну, эки барменди жана официант кызды кардарлардын арасында психотроптук жана баңгизат каражаттарын жайылтууга байланыштуу айыптап кармаган.

«Клубдун "Миша-оргазм" каймана аттуу арт-алып баруучусу кечелерди өткөрүүдө кардарлардын арасында спирт ичимдиктерин жана баңгизат каражаттарын колдонууга жигердүү үгүт жүргүзгөн аныкталган. Ошондой эле "Миша-оргазм" баңгизаттарды сатууга өзүнүн клубдагы кесиптештерин тарткан», — деп маалымдаган ИИМ.

Мындан тышкары, ыкчам кызматкерлер Респубикалык наркология борборуна күбөлөндүрүрүү максатында 32 адамды жөнөткөн. Алардын төртөөсү баңгизаттын таасиринде болгону тастыкталган.

Республикалык наркологиялык борбордун даарылоо иштери боюнча директорунун орун басары Татьяна Борисова «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, алар марихуана колдонушкан. Бирок кармалгандар баңгизаттарды клубдун ичинде колдонуп же колдонбогону белгисиз.

Милиция «Баңгизаттарды мыйзамсыз жасоо, сатуу» жана «Баңгизаттарды колдонуу үчүн көмүскө жайларды камсыздоо же уюштуруу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары уланууда.


ТЕМА БОЮНЧА: