ИИМдин жетекчилиги уурдалган автомобилдердин базарына тийешеси жок экенин айтып чыкты

Ыктымал Арсланбек Тойдиев тарабынан чыгарылган ИИМ уурдалган автоунаалардын базарын жаап-жашырып жатат деген маалыматты четке какты.

Уурдалган машиналардын базарын ыктымал жаап жашырып жатканы боюнча маалыматка Ички иштер министрлигинин (ИИМ) реакциясы Тойдиевдин атынан кайрылуу жарыялангандан кийин бир күн өтүп пайда болгон.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, интернетте тарап жаткан маалымат «чындыкка коошпойт».

«Мындай маалымат ички иштер органдарынын кадыр-баркын түшүрүү максатында даярдалган», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Мекемеден кошумчалашкандай, Арсланбек Тойдиев өзү милиционерлерлерге байланышка чыгып, маалыматтын жарыяланашына өзүнүн тийиштиги жоктугун билдирген.

«Мен мурдараак бул сайтта жарыя болгон макалага өзүмдүн эч кандай тийиштигим жок экенин расмий билдирем. Эгерде кимдир бирөө кимдир бирөөлөр менен эсептешкиси келип жатса, анда мени өздөрүнүн кир оюндарына тартып, менин атымды жаман аттуу кылышпасын», — деп келтирди ИИМ Тойдиевдин сөздөрүн.

ИИМдин жетекчилигинин дарегине айыптоолор

ИИМдин жетекчилигинин Орусия менен КМШ өлкөлөрүндөгү уурдалган автоунааларды сатуу базарына тийешеси жөнүндө маалымат 23-январда фейсбуктагы «Компромат КГ» аттуу коомдук тайпасынын барагында жарык көргөн. Аны Адис Жумагулов жарыялаган.

Ушундай эле мазмундагы кабарды «Дизель» форумуна да чыгарышкан, бирок эртеси күнү бул тема модератор тарабынан жабылган.

Арсланбек Тойдиевдин атынан ыктымал жарыя болгон маалыматтын текстинде, эгерде ал жашоо менен кош айтышып калса, күнөөлүүлөрдү Кыргызстандын ИИМинин жетекчилигинин арасынан издөө кажет деп айтылган.

«Министрдин орун басары Данияр Абдыкаров жанан анын ички иштер органдарындагы кол алдындагылары менин жок кылынышыма кызыкчылыктары бар деп толук жоопкерчилик менен билдирем», — деп айтылат жарыя болгон маалыматта.

Ошондой эле, маалыматтын ээси анда «ИИМдин жетекчилиги үчүн ыңгайсыз маалыматы бар» болгону үчүн өмүрүнө коркунуч туулуп жатат деп ырастоодо. Автордун айтымында, ИИМдин жетекчисинин орун басары Данияр Абдыкаров менен Бишкек ШИИБнин башчысынын орун басары Мирлан Мухтаров уурдалган автоунаалар базарын «өз колдоруна алууну» каалашууда.

«Бул адамдар автоунааларды уурдоо жана мыйзамдаштыруу менен алектенип жаткандарды бир топтон башка топторго алмаштыруу менен жөн гана базарды бөлүштүрүп жатышат. Мына, учурда эле авто базарда бул тармакты "монополияга" айландырып алган жаңы топ иштеп жатат», — деп айтылат кайрылууда.

Кайрылуунун аягында автор Конституциянын кепилдиги катары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, тергөө менен кызматташууга даярдыгын билдирген.

Кымбат баалуу автоунааларды уурдагандарды кармоо

ИИМдин басма сөз кызматы 20-январда люкс классындагы автоунааларды уурдоо жана мыйзамдаштыруу менен алектенген кылмыштуу топ кармалганы жөнүндө маалымдаган.

ИИМдин маалыматына ылайык, Орусия менен Кыргызстандын жарандарынан турган топко машиналарды чек арадан өткөрүүгө маморгандардын кызматкерлери жардам беришкен. Ал эми уурдалган машиналарды мыйзамдаштыруу менен, ИИМдин пикиринде, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Айдоочулук курамды жана транспорт каражаттарын каттоо департаментинин кызматкерлери алектенишкен.

Ыкчам кызматкерлер 47 уурдалган кымбат баалуу машинаны табышкан.