Ош: Айылдык кеңештин төрагасын депутаттыкка талапкерлигин алууга «мажбурлагандар» кармалды

Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин төрагасын депутаттыкка талапкерлигинен баш тартууга мажбурлап коркуткандар кармалды.

2018-жылдын 28-январына Ош облусунун Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаттыгына шайлоо өтүүсү белгиленген. Депутаттыкка эки жаран өз талапкерлигин көрсөткөн.

Алардын бири, 22-январда белгисиз эки жаран тарабынан коркутууга кабылганы тууралуу арыз менен Араван райондук ички иштер башкармалыгына кайрылган.

Ал өз арызында, шектүүлөр андан депутаттыкка талапкерлигинен баш тартууну талап кылып мажбурлашканын кабарлаган.

ИИМдин Ош облусундагы басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев «Клоопко» билдиргендей, аталган окуяга шектүү катары 22-январда Араван районунун эки жараны кармалган.

Ашырбаев маалымдагандай, шектүүлөр райондун убактылуу тергөө абагына камакка алынган.

Араван РИИБси кармалгандарга катара «бейбаштык» жана «зөөкүрлүк» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.