Араванда 16 жаштагы кызды никеге «мажбурлагандар» шарттуу соттолду

Ош облусундагы Араван райондук соту өспүрүм кыздын таенесин жана кайненесин «никеге турууга мажбурлаганы» үчүн эки жылга чейин шарттуу түрдө соттоду. Ал эми кыздын күйөөсүнө «сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо» боюнча айып тагылды.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Клоопко» кабарлагандай, Араван райондук соту 11-январда 16 жаштагы өспүрүм кыздын таенесин бир жылдык сынак мөөнөткө шарттуу кесүү өкүмүн чыгарды.

Соттолгон аял небересин бир жыл мурун 20-январда «мажбурлап» никеге тургузганы үчүн айыпталган.

«Сот өспүрүм кыздын таенесин 3 жылга эркиндигинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Белгиленген жаза шарттуу деп эсептелинип, бир жыл сынак мөөнөткө шарттуу кесилди», — деди Осмонкулов.

Андан тышкары кыздын кайненеси өткөн жылдын октябрь айында 2 жылга шарттуу кесилген. Ал эми өспүрүм кыздын никесин кыйган молдого да иш козголуп, бирок, кылмыш курамы аныкталбай, кылмыш иши токтотулган.

Молдо өз көрсөтмөсүндө никеге туруп жатканда кыз 18 жашка толгонун айтканын билдирген.

Араван райондук ички иштер башкармалыгы жабырлануучунун 20 жаштагы жолдошуна «Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо» боюнча кылмыш ишин козгогон.

Осмонкулов билдиргендей, учурда айыпталып аткан жолдошу Кыргызстандын сыртында жүргөнү үчүн тергөө иштери аягына чыга элек.

Никеге турууга «мажбурланган» кыз көз жарып, кайненеси менен жашап атат.


ТЕМА БОЮНЧА: