Гүлайда Жоробекова Жалал-Абад шаарындагы жападан жалгыз мүнүшкөр аял. Ал ата кесибин улантып, 20 жылга жакын убакыттан бери бүркүт таптайт.
Жалал-Абадда жашаган Гүлайда Жоробекова 18 жылдан бери үйүндө бүркүт кармайт. Кесиби боюнча журналист Жоробекова жакынкы келечекте мүнүшкөрлүктүн сырлары тууралуу китеп жазууну пландап жүргөн кези.
Мүнүшкөрлүк өнөрү туурасында Гүлайда Жоробекова өзү баяндайт.
«Мүнүшкөрлүк — ата кесибим»
Атам — Бекен Жоробеков жети атасынан бери бүркүт кармап, мүнүшкөрлүк кылган адам эле. Бүткүл Союзга белгилүү, орус тилинде суудай сүйлөгөн киши болчу. Маалында Америка, Германия, Түркия, Орусия, Тажикстандан келип, атамдан интервью алып кетишкен.
Атам 2000-жылы дүйнө салды. Анын каза болгонун уккандар «бүркүтү эмне болду?» деп эле сурай башташты.
Иним ууга чыкканды жактырып, мүнүшкөрлүккө жакын болчу. Экөөлөп ата кесибин улантып кетүүгө аракет кылып жаттык.
Иним тоодон коёндорду 5-6дан атып келип, балык кармап, мага берип жиберээр эле. Мен аны бүркүткө жегизчүмүн.
Тилекке каршы, иним 2007-жылы 33 жашында каза болуп кетти. Андан бир жыл өтүп, апамдан айрылдым. Ошондо ата кесиби толук бойдон менин мойнумда калды.
Башында атамын ишин намыс үчүн улантам деп ойлогом. Бирок, мүнүшкөрлүктүн ырахатын сезе баштаганда бүркүт менен жакын достой болуп кеттик. Тааныштар «бул жырткыч, аны багып эмне кыласың?» деген күндөрдө бекитип баккан күндөрүм болду.
Жакындарымы жоготкондон кийин депрессияга кабылган маалда мага бүркүт жардам берди. Ал ошондон бери менин кароомдо.
«Бири-бирибизди таштап кеткенге чейин чогуу болобуз»
Бүркүт өзү бир же эки гана балапан басып чыгарат. Менин бүркүтүм жалгыз болуп туулуп, атам аны балапан кезде уядан алганын айтчу. Ага «Кара көз» деп ат коюп алгам. Эркелетип «Ботогөз» деп коём. Аял кишинин жашын айтпаган сыяктуу эле, өзүмүн да, бүркүтүмүн да жаш курагын сыр тутам.
«Шаар жеринде бүркүт кармап эмне кыласың?» дегендер көп болду. Азырга чейин андай кептерди кулагымын сыртынан кетирип коюп жүрөм. Бул жашоодо экөөбүз тең конокпуз. Качандыр бир кезде ал мени же мен аны таштап кеткенге чейин бирге болобуз.
Бүркүттү багып жүрүп мен ага-ини, дос-тууган таптым. Өлкөнүн кайсы бурчундагы салбуурунга барбайлы, колдоп-коштоп, кубаттап алаар күйөрман топтодум. Жалал-Абад облусунда жалгыз мүнүшкөр экендигим да мага чоң сыймык.
«1-2 күн карабай койсоң таарынат»
Бүркүт бой көтөргөн, текебер, кекчил мүнөздүү куш. Эркиндикти, мейкиндикти сүйөт. Ал түгүл тамак жеп атканда да алагды кылбай, эркин койгонду жактырат. Катуу кагып-урушуп, зордоп тамак берүү деген болбойт.
Ошондуктан, кылдаттык менен мамиле кылам. Коён, көгүчкөн сатып келем. Кээде каражатыма жараша өпкө-жүрөк алып келип берем. Ийри тумшук жырткыч экен, ушул учурга чейин ачка калтырган жокмун.
Эгерде 1-2 күн карабай койсоң таарынат. Томогосун кийгизбей, сенден кача баштайт. Бүркүттү ийге келтирүүчү негизги нерсе — эт. Суусун убагында берүү да өтө маанилүү.
Мүнүшкөр үчүн эң жаманы — бул кушуңдун кайсы бир жаныбарга таштабай, чырганы тартпай койгону. Кароосун келиштирип турсаң бүркүттүн сынында экендиги ошол. Аны баладай эле бөпөлөп кароого туура келет.
«Ооруган бүркүт жети айда сакайып...»
Бир ирет бүркүтүм ооруп калды. Жалал-Абад шаардык мэриясынын жанынан бир кеңсени ижарага алып, Кара көздү ошол жерде кармаганга туура келди.
Сыртка чыгып кеткен элем. Бир маалда эле тааныш иним чуркап келе жатат. «Бүркүтүңүз электр тогуна жармашып, өлүп калды» дейт. Кантип жетип барганымды билбейм.
Бара салып, мээлейди кийип эле электр зымын кошо кармап алыптырмын. 220 вольттук электр тогу мени да, бүркүтүмү да ыргытып жиберди. Кудайга шүгүр, аман калдык. Мен го эч нерсе деле болгон жокмун. Бүркүтүм жети ай дегенде араң өзүнө келди.
Бүркүт жеңилгенди, баш ийгенди билбеген, арыз-муңун айтканды жактырбаган куш. Ал эч качан муңканбайт, жалтанбайт, кошомат да кылбайт. Ошол мүнөзү себептүү бүркүттөр мейкиндиктин ээси болсо керек.
Ооруса да кыйналганын байкатпай, ошондон тарта экөөбүз айрылгыс дос болдук. Азыр ал кыйынчылыктарды эстегим келбейт. Бир канча оору-сыркоо, сыноолорду чогуу жеңип келе жатабыз.
Манастын 1000 жылдык маарекесине катышкан бүркүт
Атам мактоону сүйбөгөн, айтканынан кайтпаган киши болчу. Бүркүтүңүздү каттоого алып коёлу деп департаменттен кишилер келишкенде «силерге каттатып, документ алып бергенден көрө асманга коё бергеним жакшы» деп болбой койгон экен.
Акыры көндүрүп, бүркүткө паспорт алып беришкен. Анын негизинде, 1995-жылы атамы ушул бүркүтү менен Манастын 1000 жылдык маарекесине катыштырышкан.
Эки жыл мурда, 2016-жылы, Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышпай кала жаздап, ошондо президентибиз Алмазбек Атамбаевге кат жазгам. «Жалал-Абаддагы жалгыз мүнүшкөр аял катары Көчмөндөр оюндарына барсам болобу?» деп сурангам.
Анткени, мэрия жана өкмөттүн облустагы өкүлү тарабынан квоталар бөлүнүп, бирок, мен илинбей калыптырмын. Кат жазганымданбы же башка нерсе себеп болдубу, мага чалып чакыруу берген.
«Аймактардагы бүркүт, куштарды алдырып жатабыз. Азыр беш гана бүркүт турат. Келе кал» деди. Ошентип, Көчмөндөр оюндарына барып, Кырчын жайлоосунда салбуурунга катышып кайткам.